Окуучулар үчүн Эбру боюнча мастер-класс өттү

March 17, 2023, 10:08

2023-жылдын 17-мартында Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде окуучулар Эбру өнөрү менен таанышышты.


Иш-чаранын максаты-маданий көп түрдүү чөйрөнү кабыл алган жана руханий жактан бай жаңы муундун калыптанышына салым кошуу.


Мастер-класс Улуттук компьютердик гимназиянын 2-классынын окуучулары жана Баткен чек арасында үйлөрү курулуп бүтө элек бүлөөлөрдүн балдары үчүн уюштурулуп, аны Түркиядан келген Эбру өнөрүнүн  устасы  Хикмет Барутчугил өттү. Уста Эбрунун келип чыгуусу Борбордук Азия менен байланышкан искусство экенин айтып, бул мастер-класс өзүнүн мекенине кайрадан кайтуусунун башталышы катары кабыл алса болоорун белгиледи.

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева иш-чараны ачып жатып, дүйнө элдеринин бай тарыхы жана өнөрлөрү менен тааныштыруу максатында Фонд негизделгенден бери туруктуу иш алып барып келгенин белгиледи. Догдургүл Шаршеевна балдарды өнүктүрүү багытында Түрк элчилигине көп жылдан бери болгон кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип,Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган сүрөт жана Фонд чыгарган китептер топтомун белекке берди.


“Эбру” Түркиянын маданиятынын жана  искусствосунун бирден-бир белгиси. Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчисинин жубайы Мария Доган түрк элинин сууда сүрөт тартуу искусствосу тууралуу кыргызстандык балдарды тааныштыруу иши үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондуна алкышын айтты. Мария Доган айым өз сөзүндө Фондго жана Жайлоо өнүктүрүү борборлоруна Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары Алмакан Найзабекова да Фонддун балдар үчүн ишке ашырып келген көптөгөн долбоорлору үчүн алкышын айтты.


Мастер-класста ар бир окуучу Эбру техникасында сүрөт тартып көрүп, жаңы өнөр үйрөнгөнүнө кубанышты.

 

Иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси»эл аралык коомдук фонду, Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчилиги, Түркия Маданият жана Туризм Министрилигинин Бишкек Өкүлчүлүгү, TGA- Түркия Туризмди Таанытуу Жана Өнүктүрүү Агенттиги жана Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейи тарабынан уюштурулду.

 

Маалымат:

“Эбру” сууда сүрөт тартуу искусствосу катары белгилүү. “Эбру” искусствосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине Түркиянын атынан киргизилген. “Эбрунун” уникалдуулугу бир эле сүрөттү кайра экинчи жолу тартууга мүмкүн эместиги.Бир эле предметти,мисалы жоогазынды  бир канча жолу тартса дагы бири-бирине окшобогон сүрөттөр чыгат.