ЕАЭБге катышкан өлкөлөрдүн эл аралык энергетикалык форуму: «ЭКЖБ, өзгөчө экономикалык шарттардагы инновациялык иштеп чыгуулар жана санариптик трансформациялар»

March 16, 2023, 12:35

2023-жылдын 16-мартында «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында ЕАЭБге катышкан өлкөлөрдүн: «ЭКЖБ, өзгөчө экономикалык шарттардагы инновациялык иштеп чыгуулар жана санариптик трансформациялар» деген эл аралык энергетикалык форуму болуп өттү. Бул форумду Кыргызстандын энергетикасындагы Аялдар Ассоциациясы жана Евразия экономикалык комиссиясы уюштурду.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдургуль Кендирбаева жана СТЕМ боюнча эксперт, педагогикалык илимдердин доктору, профессор Абакир Мамытов «ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика системасын өнүктүрүүгө аялдардын катышуусун эске алуу менен энергетикадагы кадр потенциалы. Азыркы шарттарда кдрларды даярдоо системасы жана аялдар лидерлиги» деген 3-сессиянын учурунда «КРда СТЕМ жагынан келечектеги кадрларды даярдоодо гендердик теңчиликке жетишүүнүн өзгөчөлүктөрү» деген темага презентация жзасады.

 

Презентация «КРда СТЕМ жагынан келечектеги кадрларды даярдоо системасындагы гендердик теңчилик» долбоорунун алкагында жүргүзүлгэөн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча жасалды. Долбоордун максаты – Кыргыз Республикасында техникалык адистиктерге (СТЕМ) абитуриенттерди тартууу боюнча ЖОЖдордун коммуникациялык ишинин гендердик сезимталдыгын баалоо.


Долбоордун милдеттери:

1. СТЕМ жагынан гендердик теңчилик кырдаалын сандык жана сапаттык изилдөөнү жүргүзүү.

2. Талдоону жүргүзүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу.

3. Изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө кызыкдар тараптарга маалымдоо.