“Бешке чейин үлгүр” долбоорунун алкагында агартуучу лекциялар аймактарда уланууда.

March 14, 2023, 05:40
2023-жылдын 13-мартында Каракол шаарындагы №1-инновациялык мектептин жыйындар залында “Бешке чейин үлгүр” тиркемесинин бет ачары өттү.

Иш-чаранын алкагында “Роза Отунбаеванын демилеси” эл аралык коомдук фонунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева "Баланын кенже курактагы өнүүгүүсүндө ата –эненин ролу" аталышында лекция окуду. Ошондой эле "Бешке чейин үлгүр"долбоорунун координатору ата-энелерге тиркеме тууралуу кеңири маалымат берип, аны менен колдонуунун эрежелери менен тааныштырды.

Австралиялык Миндеру Фондунун колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тартуулаган “Бешке чейин үлгүр” тиркемесинин мазмуну Сидней университетинин (Австралия) алдындагы Мээ жана Акылды изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан. Кыргыз жана орус тилине адаптациялоо ишинде кенже куракта өнүктүрүү тармагындагы көп жылдык тажрыйбасы бар кыргызстандык алдынкы адистер иш алып барышты.Колдонмодогу кеңештер жана иш-чаралар акыркы илимий изилдөөлөргө жана жергиликтүү каада-салт, маданиятка негизделген.

Эскерте кетсек, "Бешке чейин үлгүр" тиркемесинин жарык көрүшү "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун кенже куракта өнүктүрүү багытындагы кезектеги долбоору.

2022-жылдын ноябрь айында тиркеме колдонуучуларга тартууланган. Долбоор тууралуу аймактардагы ата-энелерди тааныштыруу максатында агартуучулук лекциялар буга чейин Ош, Жалал-Абад жана Нарын,Таш-көмүр шаарларында өткөн.. Бүгүнкү күндө тиркемени 14 миң ата-эне жүктөп алды.