"Илимдеги кыздар" долбоорунун устаттары менен жолугушуу болуп өттү

November 27, 2022, 02:53

2022-жылдын 26-ноябрында «Дасмия» этно-комплексинде «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары үчүн жыйынтыктоочу иш-чара өттү.

 

Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, насаатчылар, окуучу кыздар жана «Илимдеги кыздар» долбоорунун өнөктөштөрү катышышты.Ошондой эле иш-чарага Борбор Азиядан чыккан дүйнөгө кеңири таанылган алгачкы аял окумуштуулардын бири, химия илимдеринин доктору, Бата университетинин профессору, Улуу Британиянын Падышалык илимий коомунун мүчөсү, химиялык биотехнология жаатындагы сыйлыгынын ээси, ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын элчиси Асел Сартбаева катышты.

 

Насаатчылык программасы кыздарга STEM боюнча чыныгы жашоо тажрыйбасын алууга жардам бере алды.

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева өз сөзүндө дүйнө жүзү илимий ачылыштарга,жаңы технологияларды ойлоп табууга муктаж болуп жатканын белгиледи. “КР өнүгүү стратегиясы STEM багытындагы адистерге муктаж болуп турат. Кыргызстандагы тоо кен өнөр жай индустриясы, суу булактарын пайдалануу, күн энергиясын пайдалануу стратегияда жазылган. Бирок ошол жерде кыздарды орду аныкталган эмес. Келе жаткан эмгек рыногунун талаптары тапткыр өзгөрдү, санариптик рынок жана жасалма интеллект басып келүүдө. Андыктан ушул көчөт кыздарды келечектеги чакырыктарга даярдоо актуалдуу болду,”- деди Догдургүл Шаршеевна.

 

Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Кристин Жольм насаатчылар илим жана техника жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүп гана тим болбостон, кыздардын өзүнө болгон ишенимин арттырууга да жардам беришкенин белгиледи. "Сиздер кыздарды шыктандырып, үлгү болдуңуздар. Өзүңөрдүн мисалыңар менен өлкөдө салттуу түрдө эркектер үстөмдүк кылган аймактарда кыздар ийгиликтүү боло аларын көрсөтө алдыңыздар. Сиздердин убактыңар жана кыздардын келечеги үчун кошкон салымыңар үчүн алкыш! - деди Кристин Жольм.


Сапаттуу STEM чөйрөсүнүүдө Фонд менен Билим берүү жанан илим министрлиги көп жылдан бери натыйжалуу кызматташып келе жатат.  КР билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Ыканов Аман Ишенбекович “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондуна жана долбоордун командасына министрликтин атынан терен ыраазычылык билдирди. “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында төмөнкү мамлекетти укутук ченемдик актыларга СТЕМдин орду аныкталды.КР билим берүүнү өнуктүрүү стратегиясы,базистик окуу планы,билим берүү жана предметтик стандарттар,STEM жана эмгек рыногу талап кылган кесиптер эске алынып аталган компоненттердин баардыгы тандалып, сунуштар берилди. Ошондой эле КР эмгек рыногунда айрыкча так илимдерге кесиптерге таянган адистиктерге гендерлик тенчилик сакталган абал боюнча талдоо жүргүзүлдү,” - деди Аман Ишенбекович.

 

Иш-чаранын атайы коногу - Борбор Азиядан чыккан дүйнөгө кеңири таанылган алгачкы аял окумуштуулардын бири, химия илимдеринин доктору, Бата университетинин профессору, Улуу Британиянын Падышалык илимий коомунун мүчөсү, химиялык биотехнология жаатындагы сыйлыгынын ээси, ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын элчиси Асел Сартбаева бул долбоордун жыйынтыктары келечекте мыкты натыйжаларды көрсөтөөрүн белгилеп өттү.

 

«Мени «Илимдеги кыздар» долбоорунун элчиси болууну сунушташканда, мен дароо «ооба» деп жооп бердим. Анткени буга чейин мен 4 жаштагы балдардын сабактарын иштеп чыгуу менен алектенчүмүн. Мен ар бир баланын жаш курагына жараша сабак өткүм келчү. Анан Кыргызстандын бардык аймактарынагы кыздарга да маалымат жеткире алабызбы, көргүм келди. Эми кыздардын кандай өзгөрүп жатканын көрүп,кубанып жатам. Бул кыздар биздин келечектеги лидерлерибиз».


Иш-чарада “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында өткөн “Мыкты STEM мектеп” сынагынын жыйынтыктары жарыяланып, жеңүүчүлөр сыйланды.

 

Эскерте кетсек, бизнесте, илимде жана техникада ийгиликтерге жетишкен 217 лидер аялдар Бишкек жана Ош шаарларында 2772 кызга насаатчы болуп иш алып барышты. 2021-жылдын март айынан баштап насаатчылык курстары 5 айдан 3 фазада ишке ашты. Ар бир насаатчыга STEM адистиги боюнча ЖОЖго тапшырууну пландап жаткан Бишкек , Ош жана Чүй облустарындагы мектептердин 7-10-класстарынын кыздарынан турган топ дайындалды .

 

ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун насаатчылык программасы “Роза Отунбаеванын демилгеси”ЭКФ тарабынан 2021-жылдан бери ишке ашырылып келет.