Ата-энелер үчүн "Бешке чейин үлгүр" жаңы тиркеме даяр болду!

November 17, 2022, 16:01

“Бешке чейин үлгүр” тиркемеси нейробиология тармагындагы акыркы изилдөөлөрддүн негизинде даярдалды. Кенже куракта балдарды өнүктүрүү боюнча “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун кезектеги долбоору уюмдун 10 жылдыгын белгилөө алкагында ишке ашырылды.

 

Тиркеме “Миндеру” фонду (Австралия) жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан даярдалды.  Тиркеменин мазмуну Австралиянын Сидней университетинин Мээ жана Акыл эс борборунун окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Тиркеме ата-энелерге арналган, наристени өнүктүрүүдөгү эң зарыл турган көндүмдөрүн, билгичтиктерин калыптандырууга багытталган маалыматтарга бай.

 

Кыргызстандагы “Бешке чейин үлгүр” тиркемеси – дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө ишке ашырылган “Thrive by Five” эл аралык глобалдык программасынын  бир бөлүгү. Жакында эле бул тиркеме Индонезия, Намибия жана Афганистанда иштеп баштады.

 

“Бешке чейин үлгүр” колдонмосу төрөлгөндөн тартып 5 жашка чейинки балдары бар ата-энелер үчүн иштелип чыккан жана азыр кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Колдонмого ата-энелер жана чоң аталар,чоң апалар үчүн кенже курактаны балдарды өнүктүрүү боюнча көптөгөн кеңештер жана иш-чаралар камтылган.

 

Мазмунду кыргызстандыктарга ылайыкташтыруу максатында Миндеру Фондунун кызматкерлери жазында биздин өлкөгө келип жергиликтүү ата-энелер жана мугалимдер менен жулугуп, тарбиялоодогу көйгөйлөр, баалуулуктар жөнүндө маалымат алышкан.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева эрте өнүгүүнүн актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгиледи. "Дүйнөдөгү баардык коркунучтардын эң коркунучтуусу камкордукка алынбай калган балдар.Алар мезгилдин, коомдун, доордун чакырыгына туруштук бере албайт.Эртең климаттын өзгөрүшүнө, экологияны сактоого, азык-түлүк коопсуздугу,саясий,социалдык,экономикалык туруксуздукту калыбына келтирүү жана демократиялык баалуулуктарды,тынчтыктын бекемдигин камсыз кылуу үчүн бүгүн ар бир кенже курактагы балдардын сапаттуу өнүгүүсүнө артыкчылыктуу багыт алышыбыз керек" - дейт Догдугүл Кендирбаева.

 

Миндеру Фондунун тең негиздөөчүсү Никола Форрест белгилегендей, программанын максаты баланын жашоосунун биринчи беш жылынын маанилүүлүгү жөнүндө илимий жана практикалык билимдерди дүйнө жүзүндөгү ата-энелерге жеткиликтүү кылуу. "Нейробиология тармагындагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, баланын жашоосунун биринчи беш жылы когнитивдик, социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү", - дейт Форест айым.



Тиркеме Google play жана App store жүктөп алуу мүмкүн, онлайн жана оффлайн режиминде жеткиликтүү. Ошондой эле Whatsapp версиясы менен колдонсо болот +61865580497


Тиркеменин бет ачары 19-ноябрда Бишкек Парк соода борборунда сват 13:00 өтөт. Ата-энелер жана наристелер үчүн мастер-класстар,оюндар жана белектер камдалган.



Кошумча маалымат: ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, «Өлкөдө 2,1 миллион бала бар, бул жалпы калктын 36,5% түзөт». Бирок ошол эле учурда «алардын ата-энелери балдары менен ойногонду билишпейт. Алар көбүнчө баланын интеллектуалдык, когнитивдик, социалдык, эмоционалдык жана физикалык өнүгүүсүн тездетүү үчүн балдар менен баарлашуу үчүн билимге жана көндүмгө ээ эмес».

 

Mindero фонду жөнүндө

Mindero Foundation, 2001-жылы Эндрю жана Никола Форрест тарабынан негизделген, заманбап кайрымдуулук уюму, тоскоолдуктарды жоюуга, инновацияларга жана позитивдүү жана туруктуу өзгөрүүлөрдү алга жылдырууга умтулат. Mindero Foundation Австралияда жайгашкан жана океандарды изилдөө жана кулчулукту жок кылуудан тартып рак менен күрөшүүгө жана коомдук долбоорлорго чейинки негизги демилгелерге катышат.