Фонддун кызматкерлери ЮНЕСКОнун кенже курактагы балдарды тарбиялоо жана аларга билим берүү боюнча II Дүйнөлүк конференциясына катышып жатат

November 14, 2022, 14:26

Бүгүн, 14-ноябрда, Өзбекстандын борборунда ЮНЕСКОнун кенже курактагы балдарды тарбиялоо жана аларга билим берүү боюнча II Дүйнөлүк конференциясы (Глобалдык форум) өз ишин баштады.

 

Өзбекстандын мектепке чейинки билим берүү министри Агриппина Шин форумдун катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылды. WCECCE’нин жумуш программасын ачып жатып, ЮНЕСКОнын башкы директорунун орун басары Стефания Джаннини буларды белгиледи: «Биздин бардыгыбызды глобалдык күн тартибинин лейтмотиви катары билим берүүнү трансформациялоо идеясы бириктирип турат. Бул күндөрү биздин алдыбызда билим берүүгө жана өнүктүрүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү, педагогикага инновацияларды киргизүүнү жана насаатчыларды колдоону –ЮНЕСКОнун адамдын укуктары чөйрөсүндөгү фундаменталдуу баалуулуктары негизинде турган бардык маселелерди талкуулоо милдети турат. Биз чогулгандардын бардыгын ЮНЕСКОнун Ташкент декларациясынын күчтүү маңыздуу бөлүгү жагынан иштөөгө чакырабыз, анда балдарды эрте өнүктүрүү биздин жалпы келечегибиздин маанилүү бөлүгү катары чагылдырылган».

 

Бүгүн конференциянын алкагында төмөнкүдөй сессиялар өттү: «Инклюзивдүүлүк, сапат жана бакубаттуулук», « Кенже курактагы балдарды тарбиялоонун жана аларга билим берүүнүн кызматкерлери жана багууну камсыз кылуучу адамдар», «Саясат, башкаруу жана финансы», «Программалык инновациялар». «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын кызматкерлери Дүйнөлүк конференциянын сессияларынын ишине катышып жатат.

 

Эске сала кетсек, 10 жыл аралыгында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын ишинин негизги фокусу республикада билим берүүнү өнүктүрүү болуп саналат, анын ичинде көптөгөн долбоорлор өлкөдө дал мектепке чейинки билим берүүнү колдоого жана өнүктүрүүгө, балдарды эрте өнүктүрүүгө багытталган.