«Илимдеги кыздар» долбооруна катышкан кыздар үчүн STEM-лагерь

November 11, 2022, 07:30

2022-жылдын 1-ноябрынан тартып 5-ноябрына чейин ОшМунун алдындагы STEAM Инновациялык колледжинде «Илимдеги кыздар» долбооруна катышып жаткан кыздар үчүн STEAM лагерь өттү.

 

Беш күндүк лагердин алкагында Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринин окуучу кыздары үчүн графикалык дизайн, микро дүйнө, химия жана инновациялар, веб-иштеп чыгуу боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Ошондой эле долбоордун менторлору англис тилинде Moving club жана Talking  club иш-чараларын уюштурду, Микро дүйнө, инновациялар жана химия, хатха йога жана кол өнөрчүлүк темасына мастер-класстар өттү.

 

STEM лагердин максаты – мектептеги окуучу кыздарды илимге, техникага, технологияларга жана көркөм өнөргө тартуу, өспүрүм кыздардын арасында STEM-билим берүүнү даңазалоо жана «Илимдеги кыздар» долбоорунда насаатчылыктын тажрыйбасын алмашуу.

 

ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорун «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, «Балдарды коргоо борбору», «АУЦАнын Инновациялык колледжи» ишке ашырып жатат.