Реабилитациялык лагердин күндөлүгүнөн: Үчүнчү күн

November 2, 2022, 23:14
Бүгүн КР Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Надырбеков Замир Касымбекович Аврора санаторийине келип, Баткендин чек арага чектеш айылдарынан келген аялдар менен 3 саатка жакын баарлашып, алардын көптөгөн суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле катышуучуларды төрт топко бөлүп, тренерлер ой жүгүртүү дизайны боюнча сабактарды өтүштү. "Таза табигат - муундарга аманат" ураанынын астында эколог-эксперт Мирлан Дылдаев " Климаттык курак" оюнуна катышып, консультацияларды берди.Андан тышкары аялдар адаттагыдай эле арт терапия, психологиялык терапия жана поэзия терапия иш чараларына катышышты.

Белгилей кетсек, бул реабилитациялык лагерь Климаттын өзгөрүүсүнө, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча гендердик сезимтал адаптациялык иш чаралардын планын түзүү долбоорунун алкагында ишке агып жатат.

Долбоор Швейцария өнүгүү жана кызматташуу агенттиги тарабынан каржыланып, БУУ -Аялдар, БДА программасы, Ага хан фонду жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.