Реабилитациялык лагерь күндөлүгүнөн

November 1, 2022, 22:59
31-ноябрдан тарта Ысык-көлдүн жээгиндеги Аврора санаторийинде Баткен облусунан келген 125 аял катышкан реабилитациялык лагерь өз ишин баштады.

Алгачкы күнү алар КММА тарабынан уюштурулган тажырыйбалуу дарыгерлердин тобунун кароосунан өтүштү. Теплоходдо эс алышты. Кечээ топторго бөлүнүп, климаттык фреска оюнун ойношту, "ой жүгүртүү дизайны" боюнча тренингден өтүп, арттерапия, психологиялык терапия жана поэтотерапия иш чараларына катышышты. Ошондой эле аталган санаторийден дарыланып да жатышат.

Белгилей кетсек, аталган иш чара Климаттын өзгөрүүсүнө, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча гендердик сезимтал адаптациялык иш чаралардын планын түзүү долбоорунун алкагында ишке агып жатат.

Долбоор Швейцария өнүгүү жана кызматташуу агенттиги тарабынан каржыланып, БУУ -Аялдар, БДА программасы, Ага хан фонду жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.