Ош областынын тургундары менен консультациялык жолугушуу

October 16, 2022, 19:33

2022-жылдын 17-октябрынан тартып 20-октябрына чейин Ош областынын төрт – Гулистан, Чек-Абад, Кулатов, Алия Анаров айылдык округдарында эксперттердин, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин башкаруу жана азык-түлүк коопсуздук маселелери боюнча жергиликтүү тургундар (300дөн ашык адам) менен чечимдерди кабыл алган адамдардын Консультациялык жолугушуусу өтөт.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУнун Аялдяр Түзүмү жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен өнөктөштүктө климаттын өзгөрүшүнө, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин тобокелдиктерин азайтууга, азык-түлүк коопсуздугуна адаптациялоо жагынан гендердик-трансформациялык практикаларды иштеп чыгуу жана алга илгерилетүү боюнча ишти жүзөгө ашырып жатат.


Бул жолугушуулардын максаты – төмөнкүдөй маселелер боюнча жергиликтүү калктын пикирин иликтөө:

•         соңку 5 жылда климаттын өзгөрүшүнүн пилоттук айылдык округдардагы тургундардын (эркектердин жана аялдардын) жашоо-тиричилигине таасири;

•         климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоодо жана өзгөчө кырдаалдарды башкарууда, ошондой эле үй-бүлөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда эркектердин жана аялдардын ролу;

•         климаттын өзгөрүшү жагынан жана өзгөчө кырдаалдарды башкарууда, үй-бүлөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда эркектердин жана аялдардын жүрүш-турушундагы айырмачылыктар.


Белгилеп кетүү керек, жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жагынан гендердик-трансформациялык практикаларды иштеп чыгууга жана алга илгерилетүүгө, "speed dating" и дизайн-ой жүгүртүү сыяктуу инновациялык ыкмаларды колдонуу аркылуу кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча климатка байымдуу, ырааттуу, гендердик сезимтал жергиликтүү пландарды иштеп чыгууда кыз-келиндердин жана жаштардын ролун жогорулатууга салым кошот.