2016-жыл: «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору»

September 26, 2022, 06:16

2016-жылдын жайында 7 областтын жайлоолорунда 117 жайлоодогу балдар бакча-борборлору иштеди, ал эми «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» барган балдардын саны 2900дөн ашты.


Тарбиячылардын тажрыйбасын алмашуунун «Конок мугалим» программасын уюштуруу ушул жылдын жаңылыгы болуп калды. Бул программанын алкагында түштүк региондордон беш тарбиячы жана түндүк региондордон беш тарбиячы жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда мастер-класстарды өткөрдү, пикир жана тажрыйба алмашты.


Биринчи жолу «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын демилгеси боюнча жана атайын квалификациялуу адистердин катышуусу менен августта Кыргызстандын бир нече региондорунда жана «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда» балдардын жана алардын ата-энелеринин ден соолугун медициналык текшерүү жүргүзүлдү.


Чоң Кызыл Суу дарыясынын бассейниндеги бийик тоолуу «Ананайка» балдар бакчасынын базасында экологиялык лагерь уюштурулду. Анда жергиликтүү балдар үйүндөгү балдар эс алды, ошондой эле ага жакын жайгашкан жайыттардагы малчылардын балдары барды.