“Вилли Брандт. Тандалма сөздөр жана макалалар” китебинин бет ачары болду.

September 21, 2022, 12:22
Бүгүн,21-сентябрда Улуттук Тарых музейинин конферец-залында “Вилли Брандт. Тандалма сөздөр жана макалалар” китебинин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага , КР өкмөтүнүн жана мамлекеттик, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү, Жогорку кеңештин депутаттары, академиялык уюмдардын, өнүгүү институттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты.

“Вилли Брандт. Тандалма сөздөр жана макалалар” китеби кыргыз тилинде саясий адабиятты жайылтуу, социалисттик интернационалдын мурунку Президенти, эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү ишмери, дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты В. Брандттын тандалма сөздөрү жана макалаларын жайылтуу максатында жарык көрдү.

Вилли Брандт өрнөктүү өмүр сүргөн. Анын ой-толгоолору жана ынанымы ушунчалык терең-алар толугу менен гумандуулуктун жана тынчтыктын идеяларына негизделген, ички дүйнөсүнүн чордонун эркиндик, акыйкаттык жана кызматташтык баалуулуктары түзгөн, ал аз өмүрүн мына ушул баалуулуктарды турмуш чындыгына айлантууга арнаган. Вилли Брадттын эмгектери кыргыз тилине алгачкы жолу которулуп жарыкка чыгып жатат.

Китеп Германиянын Фридрих Эберт атындагы фондунун көмөгү жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Германия менен кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата жана “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында басылды.

Китеп саясат таануучуларга, тарыхчыларга, жогорку окуу жайлардын докторанттарына, магистранттарына жана студенттерине, ошондой эле жалпы окурмандарга арналат.

Белгилей кетсек, Брандттын жашоосундагы 10 тарыхый жер жана окуялардын негизинде даярдалган иллюстрациялар аркылуу анын саясий ой жүгүртүүсү жана ишмердүүлүгү менен таанышуу мүмкүн. “Калктардын элдешүүсү, тынчтык жана эркиндик үчүн өмүр” аталышындагы эл аралык көргөзмө 21-сентябрдан 30-октябрга чейин Улуттук тарых музейинде уланат.