КР экс-президенти Р.И. Отунбаева «Дүйнөнү өзгөрткөн аялдар» ХХ эл аралык конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү

November 19, 2013, 06:00

КР экс-президенти Р.И. Отунбаева Санкт-Петербургда «Дүйнөнү өзгөрткөн аялдар» ХХ эл аралык мааракелик конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

 

2013-жылдын 14-15-ноябрында өткөн конференцияга Финляндиянын экс-президенти Т.Халонен, РФ Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Л.И.Швецова, Мамлекеттик Думанын депутаттары Е. Лахова, В. Петренко, РФ Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары О.Ю.Голодец, РФ Президентинин Түндүк-батыш региондогу өкүлү Ю.С. Шалимов, Санкт-Петербургдан РФ Федерация Советиндеги сенатор В.Тюльпанов, Санкт-Петербург шаарынын вице-губернатору И.Ф. Голиков, Санкт-Петербургдун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары, РФнын көптөгөн региондорунан келген аялдар делегациялары, конференциянын көп сандаган чет өлкөлүк катышуучулары катышты. 

 

 


КР экс-президенти Р.И. Отунбаеванын Санкт-Петербургда «Дүйнөнү өзгөрткөн аялдар» ХХ эл аралык мааракелик конференциясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүнүн тексти

 

Урматтуу мааракелик конференциянын катышуучулары, кымбаттуу аялзаттары!

Урматтуу РФ мыйзам чыгаруу жыйындарынын депутаттары!

Урматтуу Президент Халонен!

 

Келерки 2014-жылы ООНдун коштоосу менен Пекинде өткөн Бүткүл дүйнөлүк аялдар конференциясынын 20 жылдыгы болот. Аялдар кандай прогресске жетишти? Алардын бардыгынын эле жашоо-турмушу бирдейби? Дүйнөдө кедей аялдар азайдыбы, аялдарга каршы зомбулук азайдыбы, саясий, экономикалык турмушта аялдар кандай бийиктиктерге жетишти – ушул суроолорго жооп берүү менен, биз айрым алга илгерилөөнү көрүп турабыз. Бирок жашоо-турмуш сан жеткис жаңы, курч көйгөйлөрдү алдыга коюуда.

 

Микрокредиттик кыймыл, өзгөчө аялдар арасындагы ийгиликтүү кыймыл дүйнөдө кеңири кулач жайды. Менин өлкөм бүткүл постсоветтик мейкиндикте микрофинансылык операциялардын пионери болуп калды. Жарым миллионго жакын аялдар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү микрофинансылык уюмдардан карыз алуучулар болуп саналат. Алар өлкөнүн рыноктук экономикасынын жүгүн чаалыкпастан тең көтөрүп, дээрлик ар бир үчүнчү үй-бүлө банктык операциялардын элегинен өтүүдө. Ошого карабастан, бизде аялдар кедейликтин сазынан чыга албай жатат. Ушул жылдардын ичинде дүйнөдө аялдарды экономикалык жактан теңдөөнүн, окутуунун, «эркектердин» кесиптерине жана бийиктиктерине карай алга илгерилетүүнүн зор тажрыйбасы топтолду. Бирок кедейликтин тамыры өтө терең болуп чыгууда.

 

Глобалдык өнүктүрүү максаттарынын кийинки муунунун борборуна кыз-келиндер чыгууда. Эң пайдалуу, акыл-эстүү инвестициялар – бул аларды колдоо. Кыз балдардын балалык чагы – денебой, эмоциялык жана социалдык өзгөрүүлөрүнүн кыйчалыш мезгили кандай болсо, ал лидер, үй-бүлөнү багуучу, үйдүн куту жана келечектеги эне катары кыздардын келечектеги жөндөмдөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө ошондой таасир этет. Эгерде кыз дени сак, билимдүү, күчтүү, коопсуз чөйрөдө өссө, ал жетилген куракта өзүнүн ийгилигин жана бакубаттуулугун гана эмес, ошондой эле өз туугандарынын жана жакындарынын ийгилигин камсыз кылат.

 

Эрте никеге турууну айыптаган эл аралык келишимдерге карабастан, дүйнөдө жыл сайын 14 млн. кыз бала күйөөгө берилет. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө гана эмес, ошондой эле өнүккөн өлкөлөрдө бардык жерлерде эрте сексуалдык жашоонун, эрте төрөттүн өсүшү белгиленген; биздин аймактарда эрте никеге туруу көп аял алган байларда көп кездешет.

 

Кедейлик кыздар арасында гана эмес, ал андан да терең – балдарда арасында тамыр жайган. Менин фондумдун ишинин артыкчылыгы мектепке чейинки тарбия берүү, кенже курактагы балдарды эртелеп тарбиялоо болуп саналат. Биздеги чубалжыган кезектерден улам балдар бакчаларына кедейлердин балдары бара албайт. Алар ата-энелери алыста иштеп жүргөн чакта, чоң аталары менен чоң энелеринин колунда калат. Кедей ата-энелердин балдары узакка созулган каникулдардын мезгилинде башталгыч мектепте өздөштүргөндөрүнүн бардыгын таптакыр унутуп коюшат. Алар музейлерге жана театрларга барбайт, башка шаарлар менен өлкөлөргө саякаттабайт. Бул балдар акырындап жүрүп отуруп жашоо-турмуштун нугунан сыртта калат. Дал ошондуктан биз жамааттык балдар бакчаларынын, мини-борборлордун, чабандардын балдары үчүн жайлоодогу, алыскы жайыттардагы бакчалардын санын көбөйтүү жагынан ыкчам иштеп жатабыз. Биз социалдык бизнес катары балдар бакчаларын өнүктүрүүгө ниеттенүүдөбүз. Биз мектепке чейин сөзсүз бир жыл даярдоону киргизүү милдетин алдыга коюп жатабыз.

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үч жылдан бери коалициялык өкмөт иштеп жатат. Бардык чечимдер – парламенттеги ар кандай саясий күчтөрдүн консенсусунун натыйжасы. Биздин региондо жападан-жалгыз болгон парламенттик демократияны чыңдоо татаал тарыхый тажрыйбанын өңүтүндө жүрүп жатат. Ал тез жана жеңил болушу мүмкүн эмес.

 

2010-жылдын апрелинде мен Убактылуу өкмөткө башчылык кылдым, ага ондогон оппозициялык партиялардын лидерлери кирди. Мурдагы бийлик борбор шаарыбыздын борбордук аянтында дээрлик жүзгө жакын демонстранттарды атып өлтүрүп, кийинчерээк түштүктөгү этностор ортосундагы жаңжалды чыгарып, андан соң өлкөдөн качып кетти. 2010-жылдын апрелинен тартып октябрына чейин өлкө баарлашуунун эл аралык түйүнүнөн сыртта калды. 2010-жылдын июнундагы Референдум учурунан тартып 2010-жылдын октябрында парламентти шайлоого чейин мен мамлекетте жападан-жалгыз мыйзамдуу лидер болуп турдум.

 

Бул учурга карата коомдо бийликте отурган бардык адамдарга, өзгөчө өлкөдө Президенттин кызмат ордуна келген ар кандай адамга ишенбестик мамиле бекем орун алган эле. Биринчиден, жарандар президент болгон адам өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик кызмат орундарына дайындабайт дегенге ишенген эмес. Экинчиден, алар президенттин кызмат ордундагы адам бул кызматта өзүнүн керт башынын кызыкчылыктарын көздөбөй тургандыгына ишенген жок. Үчүнчүдөн, адамдар президенттин кызмат ордун ээлеген адам бул кызматтан ыктыярдуу түрдө кетээрине жана эл шайлаган адамга бийликти ак ниети менен өткөрүп берээрине ишенген жок. Мен адамдардын бардык шектенүүлөрүн бардык пункттар боюнча жокко чыгардым. 2011-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасында региондо биринчи жолу бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү болуп өттү.

 

Биздин өзгөртүүбүздүн ийгилигинин сыры – элибизге берген убадаларды бир жактуу ак ниеттүү, ырааттуу аткарууда. Биз алардан бир кадам да четтеген жокпуз.

 

Жеке менин салымым максатыбызга карай алга илгерилөөдө сабырдуулук, айткан сөздөн кайтпоо жана өжөрлүк болду. Өтө татаал жагдайларда аялдын табигаты: сезимталдыгы, сактануу инстинкти аракетке келип турду, эч жакка кылчактабастан улутту коркунучтуу, тар жолдон алып өтүү зарыл болду. Бактыга жараша, Теңир бизди колдоду.

 

Коррупциялык башкаруулардан кийин үйүбүздү тазалоого убакыт жетти. Президент катары, мен Жогорку соттун Төрагасынын, Башкы прокурордун, Улуттук банктын Төрагасынын позицияларына татыктуу аялдарды көрсөттүм. Парламент аларды бекитти. Алар азыр да иштеп жатат. Азыркы Президент да Эсептөө палатасынын Төрайымы кылып аялды дайындады. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 23% аялдар – Жогорку Кеңештин депутаттары, финансы, саламаттык сактоо министри, республиканын вице-премьери, облустун губернатору, элчи, анын ичинде Кытай сыяктуу негизги өлкөдө элчи. Бардык НПОлордун 90%ын аялдар жетектейт, ЖМКда көпчүлүк жетекчилер – аялдар.

 

Быйыл Бишкекке сапарынын жүрүшүндө Россиянын Президенти В.В. Путин Ленинграддын блокадачыларынын эстелик обелискине гүл койду. Бир гана эпизодду келтирели: согуш кайнап турган учурда Кыргызстанга, расмий эмес маалыматтар боюнча, 3.5 миң бала алып келинген. Эвакуацияланган балдар өзгөчө багууга алынган. Алар күзгө маал келген. Жокчулуктан жана алыс жолдон алсыраган балдардын ден соолугун чыңдоо талап кылынган. Ленинграддык балдарга «Кызыл Жылдыз», «Кызыл Октябрь» колхоздору азык-түлүктөрдү берип турган. Балдар үйүнүн 8 ую болгон, 32 гектар жерге арпа, таруу, кызылча себилип жана картошка отургузулган. Мектеп сабактары балдар үйүндө эле өтүлгөн.

 

Фрунзе Ленинградга этти, жемиштерди жана жашылчаларды жөнөтүп турган.

 

Улуттук банкта атайын топтоо эсеби ачылган. Самолетторду жана танкаларды курууга акча чогултулган. Акшак берип, кийим-кечектерди түйүп, этти гана эмес, ошондой эле бүтүндөй малдарды жөнөтүп турган.

 

Ленинградга жардам берүү ар бир колхоздун иши болуп калган, 1942-жылдын февралында 2 жуманын ичинде республикада 315 тонна ун, 58 тонна эт, 35 тонна күрүч, 17 тонна пияз, 12 тонна жашылча, 72 тонна повидло, 6 тонна спирт, 43 тонна томат, 30 тонна жаңгак, 7 тонна жемиш чогултулган.

 

1942-жылдын 18-февралында Кыргызстандан белектер жүктөлгөн 50 вагон жөнөтүлгөн.

Улуу Ата-Мекендик согуштун фронтторуна 333 миңден ашык кыргызстандыктар чакырылган. Алардын ичинен 160 миңге жакыны курман болгон. 100 миңден ашыгы майып болуп кайткан.

 

Ошол кандуу согушта биз чогуу салгылашканбыз. Ал жылдардын кыйынчылыктарын жана кайгысын чогуу баштан өткөргөнбүз. Улуу Ата-Мекендик согушта бирдиктүү эл катары жеңишке жетишкенбиз!

 

ХХI кылымдагы саясий жана экономикалык союздардагы – КМШдагы, ОДКБдагы, Бажы Союзуна Кыргыз Республикасынын келечектеги мүчөлүгүнө багыт алуу менен Евразиялык экономикалык мейкиндиктеги элдерибиздин жана мамлекеттерибиздин биримдигинин тамыры ушундан башталат. Биздин өткөндөгүбүз гана жалпы эмес. Бизде – учурдагы жалпылыгыбыз бар, ал түбөлүк достук жана стратегиялык союздаштык менен бекемделген. Бизде, Кыргыз Республикасында жарым миллиондон ашык орустар, украиндер, белорустар жашайт. Өлкөнүн аймагында россиялык аскердик база жайгашкан.

 

Биз капиталдар, финансылар, кызмат көрсөтүүлөр, жумушчу күчү эркин орун которгон жалпы келечекти курууга умтулуп жатабыз. Дүйнөдө улуттук эмгек рыноктору жок, ал эчак эле глобалдык болуп калган. Ал ар бир өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, алардын улуттук таламдарынын базасында түзүлөт. Дүйнөдө мигранттар калктын саны боюнча үчүнчү орунда турат. Алар ар бир тыйынды маңдай тер, ак эмгеги менен таап жатат. Россиялык коомдон биз силердин учу-кыйыры жок мейкиндиктериңерде соңку учурда күчөгөн сабырсыздыкка жана ксенофобияга каршы акыл-эстүү добуштарды угуп жатабыз.

 

Биздин аймактарыбыздан келген жаштар бул жерде иштеп, үйлөрүнө аман-соо кайтышы үчүн биз бирге иш жүргүзүп, мүмкүн болгондун бардыгын жасоого тийишпиз.

 

Кечээ «Известия» газетасынан Россия Федерациясы менен Польшанын ортосундагы мамилелерди чыңдоо, оңдоо максатында жаштарды алмашуу жүрүп жатканын окудум. Бул бизге да керек. Жаштарыбыз өз ара баарлашып, көрүшүп, сүйлөшкөнүнө канча болду?! Биз, аялдар, да аз баарлашабыз! Дал ошондуктан бул конференция бардыгыбыз үчүн өзгөчө маанилүү, ал бири-бирибизге кулак салууга мүмкүндүк берет.

 

Урматтуу Елена Ивановна, өзүңүздүн командаңыз менен бирге бүткүл дүйнөнүн аялдарын бирге чогултуудан чарчабаңыз. Эгерде биз бири-бирибизди түшүнсөк, өлкөлөрүбүздүн көйгөйлөрүн аңдап-билсек, балдарыбызды, неберелерибизди сабырдуулукка, кең пейилдикке үйрөтсөк, дүйнө коопсуз, бекем жана жаркын болот.