Баткен, биз сени менен биргебиз!

September 18, 2022, 21:02

Бүгүн бүткүл өлкө, бүткүл Кыргызстан Тажикстан менен чек арадагы масштабдуу аскердик кагылышуунун жүрүшүндө курман болгондорду эскерип, терең кайгыга батып турат. Ушул каргашалуу жана адамкерчиликсиз окуя, кайгы менен муң зомбулуктун ар кандай формаларына каршы болгон элибизди болуп көрбөгөндөй бириктирди.

                 

Өлкөбүз үчүн ушул оор күндөрү курман болгондордун үй-бүлөлөрүн жан дилибиз менен колдойбуз, жарадар болгондорго күч-кубат жана тез сакайып кетүүнү, өлкөнүн бардык жарандарына эрдикти жана чыдамдуулукту каалайбыз.

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана азасын тең бөлүшөбүз.

 

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын
уюштуруучусу жана кызматкерлери