Айымдардын лидерлиги боюнча экинчи форумда Айгуль Жапарова менен Роза Отунбаева сөз сүйлөдү

August 24, 2022, 14:59

21-22-августта Кыргызстанда «Айымдардын лидерлиги – жаңы доорго кирүү» деген экинчи улуттук форум өттү.

 

Иш-чарага биринчи леди жана «Эне – балага тирек» коомдук фондунун директору Айгуль Жапарова, КР экс-президенти Роза Отунбаева, БУУнун КРдагы туруктуу координатору Антье Граве, эмгек жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев, Эдиль Байсалов, ЖКнын жана жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары, райондук жана областтык администрациялардын аял өкүлдөрү жана башка саясий лидерлер катышты.


Катышуучулар аялдар лидерлигинин жана анын көп түрдүүлүгүнүн, региондогу жаңы көйгөйлөрдүн, туруксуздуктун шарттарында жана реформалар процессинин контекстинде өлкөнү өнүктүрүүгө айымдардын олуттуу салымын таануунун маселелерин талкуулады.


Чечимдерди кабыл алуунун ар кандай деңгээлдеринде айымдар лидерлигин алга илгерилетүү, кыз-келиндерге карата зомбулукту жоюу, аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана курчап турган чөйрөнү сактоого жана тынчтыкты чыңдоого айымдардын салымын кеңейтүү боюнча аракеттердин биргелешкен планы иштелип чыкты.



Ошондой эле кыргыз илимин, өнөр жайды, транспортту, электр энергетикалык инфраструктураны, операны жана балетти, билим берүүнү, тышкы саясатты, маданиятты жана спортту негиздеген пионер-аялдардын, ошондой эле азыркы Кыргызстанды түзүүгө өз салымын кошкон айымдардын ролу белгиленди.


Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги КРдагы «БУУ-Айымдар» түзүмү жана Айгуль Жапарованын «Эне – балага тирек» коомдук фонду менен кызматташтыкта, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Швейцариянын өкмөтүнүн жана Европа бирлигинин жана БУУнун «Жарыктын нуру» деген биргелешкен демилгесинин колдоосу менен уюштурду. 


Оригинал  https://kaktus.media 
Перевод МОФ "ИНициатива Розы Отунбаевой"