Туулган күнүңүз менен, Роза Исаковна!

August 23, 2022, 23:56

23-август Кыргызстандын биринчи президент айымы Роза Исаковна Отунбаеванын туулган күнү. Өлкөбүздө туруктуулукту орнотууда анын ролу эбегейсиз зор жана талашсыз.

 

Роза Исаковнанын саясий жолу жана активдүү коомдук иши, эмгекке жогорку жөндөмдүүлүгү, жигердүү жарандык позициясы, биз күн сайын көрүп жаткан шексиз жана таң калычтуу жеке сапаттары жана артыкчылыктары бизди тамшанууга мажбурлап гана тим болбостон, ошондой эле максатка умтулуунун жана өз өлкөсүнө берилгендиктин айкын мисалы болуп кызмат кылуу менен, өзүн-өзү өркүндөтүүгө мажбурлайт.

 

 

Урматтуу Роза Исаковна!

 

Сиз уюштуруучусу болуп саналган «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жамаатынын атынан чын дилден куттуктоолорду жана мындан аркы жетишкендиктерди, алдыга коюлган бардык максаттар ишке ашырылышын, жаңы идеялар жана долбоорлор жүзөгө ашырылышын калообузду кабыл алыңыз, Сизге бардык жакшылыктарды, чың ден соолукту, ишенимдүү жана ишеничтүү тилектештерди жана жеке зор бакты-таалайды каалайбыз!

  

Роза Исаковна, биз Сиз менен сыймыктанабыз жана Сиз биз менен сыймыктангыдай иштейбиз.

 

 

Туулган күнүңүз менен, Роза Исаковна!

 


Урматтоо менен,
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жамааты