“Халык Банк Кыргызстан” республика боюнча жети “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” ачылышына көмөк көрсөттү.

August 3, 2022, 00:24
“Халык Банк Кыргызстан” республика боюнча жети “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” ачылышына көмөк көрсөттү.

Халык Банктын колдоосу менен Баткен облусундагы “Аласан-Мейкини”, “Тоо гүлү”, “Нуржан”, “Ак-Шумкар”, Нарын облусундагы“Казыбек-Жеткинчек”, “Жалгыз терек жоогазындары” жана Жалал-Абад облусундагы “Наристе” өнүктүрүү борборлоруна канцелярдык буюмдар тапшырылды.

“Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору” долбоору сегиз жылдан бери “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылып келет жана калктын аярлуу категориясынын - малчылардын балдарынын мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жетүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Тажрыйба көрсөткөндөй, жайлоо бала бакчаларында окуутудан өткөн балдар алгачкы жолу мектепке кирип жатканда окуу жана эсептөө боюнча жакшы жыйынтыктарга жетишишет.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Халык Банкка Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы балдардын өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирет.