Илимдеги кыздар: «Керектүү ташты танда»

June 29, 2022, 22:48

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын алдында турган милдеттердин арасында «Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында Бишкекте, Ошто жана Чүй областында STEM предметтерге басым жасоо менен 400 кызды Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо бар.


Өткөн жылы 215 кыз КРдагы жана чет өлкөлөрдөгү ЖОЖдорго тапшыруу үчүн ЖРТга даярдоо боюнча интенсивдүү курстардан өтүп, кийин мыкты натыйжаларды көрсөттү. Кыздардын 72%ы КРдагы ЖОЖдорго жана чет өлкөлөрдөгү университеттерге STEM адистиктерине тапшырды, анын ичинде 39%ы бюджеттик бөлүмгө өтүп, мамлекеттен толук финансылоону алды.


Ушул шыктандыруучу ролик «Илимдеги кыздар» долбоорунун катышуучуларынын бири Сезим Жолдошбекова жөнүндө айтып берет, ал ЖРТга даярдоо курсунан өтүп, ЖОЖго IT-багытка тапшырды жана «керектүү ташты тандоого» үйрөндү.


Эске сала кетсек, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Илимдеги кыздар» долбоорун ЮНИСЕФтин КРдагы Өкүлчүлүгүнүн финансылык колдоосу менен, АУЦАнын Инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырып жатат.