Жайлоо өнүгүү борборлорунун 9-сезону ачылды!

June 13, 2022, 07:55

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду демилгелеген “Жайлоо өнүгүү борборлору” өлкөнүн тоолуу райондорунда өз ишин башташты.


Жайлоо Өнүгүү Борборлорунун максаты – тоо шартында жашаган балдарга сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү жана аларды ар тараптуу өнүктүрүү. Жайлоо өнүгүү борборлору өнүктүрүүчүлүк, багыт берүүчүлүк жана шыктандыруучулук максатты көздөйт. Биздин максат-ар бир баланын шартына, ден соолугуна, жайгашкан жерине жана жынысына карабастан өнүгүү кызматтарына бирдей камтылышын камсыз
кылуу!


9 жылдан бери “Жайлоо өнүгүү борборлору” жайында эки ай бою иш алып барат. Бала бакчаларда окуудан тышкары балдар үчүн улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу, астрономия, бий өнөрү, шахмат, оригами, каллиграфия, куурчак театрлары, спорттук оюндар, медициналык кароолор, интерактивдүү оюндар жана башка мастер-класстар өткөрүлөт.


Адатта, жайлоого чыккан балдардын 90-95% бала бакчаларга барышкан эмес. Алардын көпчүлүгү үчүн окуу, жазуу, сүрөт тартуу, калем кармоо, саноо, баарлашуу сыяктуу көндүмдөргө “Жайлоо өнүгүү борборлорунда” үйрөнүү мүмкүн болууда. Өнүгүү борборунда аралаш топтогу балдар болот, ошондуктан, алардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша иш пландар түзүлүп, окутуу-тарбиялоо иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары жайлоодогу мектеп курагындагы  15 жашка чейинки балдар да келишет. Өнүгүү борборлору балдар менен гана иштебестен, ата-энелер менен да тыгыз иштерди алып барууда. Сегиз жылдын ичинде Республика боюнча 6000 ден ашуун ата-энелерге ар кандай тренингдер жана мастер-класстар өткөзүлдү. Алар үчүн:  “Балдарды тарбиялоодо атанын ролу”, “Экология”, “Туура тамактануу”, “Үй-бүлөлүк бюджетти туура пландаштыруу”, “Дене тарбияга көңүл бөлүү”, “Шахмат”, “Ден соолукка кам көрүү”, “Ветеринария” жана “Гигиена” сыяктуу мастер класстар жана ар кандай концерттик программалар өтүлүүдө.


Балдарды кенже куракта өнүктүрүү “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунунун ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын  бири болуп саналат. Балдардын мектепке чейинки даярдыгы Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү стратегиялык багыттардын бири. 2018-2040-жылдар аралыгындагы Улуттук өнүгүү стратегиясында балдардын наристе курактарында өнүктүрүүнүн заманбап талаптарга жооп бериши керектиги белгиленген.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы боюнча 2022-жыл Кыргызстанда “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыяланды.  Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялоо демилгесин көтөргөн.


Жалпысынан өлкө боюнча 100 жайлоо өнүгүү борборлору ачылууда.




Маалымат үчүн: 2014-жылы Фонд “Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору” долбоорун демилгелеген. Сегиз жылдын ичинде тоолуу райондордо жашаган малчылардын, жайлоого чыккан үй-бүлөлөрдүн 16 000 ден ашык балдарын ар тараптан өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлүп камтылды. Мындан тышкары 6000 ден ашуун ата-эне, 1400 педагог ар кандай иш-чараларга, окутууларга тартылды. 2014-жылы республиканын региондорунда – 35, 2015-жылы - 87, 2016-жылы – 117, 2017-жылы – 98, 2018-жылы – 102, 2019-жылы – 114, 2020-жылы – 5, 2021-жылы - 30 Жайлоо өнүгүү борборлору ачылса, быйылкы 2022-жылга карата - 100 борбор пландалып, бүгүнкү күнгө айрымы ишмедүүлүктөрүн башташты. Бул долбоор жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын, жайыт комитеттеринин, эл аралык уюмдардын, демөөрчүлөрдүн, ЖОЖдордун, атайын орто окуу жайлардын, чыгармачыл мекемелердин жана коомчулуктун колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашып келүүдө.