«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду мектепке чейинки билим берүү боюнча эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

April 28, 2022, 09:25

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Борбордук Азия регионунун элдеринин салттуу руханий-адептик дөөлөттөрүнүн негизинде мектепке чейинки балдарды тарбиялоо» темасы боюнча ЕССЕ-РЕГИОН Эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.


2022-жылдын 26-27-апрелинде Өзбекстан Республикасында Мектепке чейинки билим берүүнүн эл аралык педагогикалык академиясы (МБЭПА) жана Мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү ассоциациясы (МБСӨА) уюштурган «Борбордук Азия регионунун элдеринин салттуу руханий-адептик дөөлөттөрүнүн негизинде мектепке чейинки балдарды тарбиялоо» темасы боюнча ЕССЕ-РЕГИОН Эл аралык илимий-практикалык конференциясы өттү. Илимий-практикалык конференция мектепке чейинки билим берүүнүн тарбиячыларын, методисттерин, башчыларын, билим берүү органдарынын адистерин жана жетекчилерин, мектепке чейинки билим берүү жагынан практиктерди жана эксперттерди, Борбордук Азия регионундагы балдарды изилдөөчүлөрдү бириктирди.


Конференциянын максаты – Борбордук Азия регионундагы өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жана улуттук идентификацияны сактоо менен мыкты практикаларды жана тажрыйбаны сунуш кылуу жана алар менен тааныштыруу, мектепке чейинки балдарды салттуу руханий-адептик тарбиялоо темаларын кесиптик коомдоштукта кеңири талкуулоо.


Конференциянын милдеттери – Борбордук Азия регионундагы өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен балдарда адептүүлүктү, салттарды жана дөөлөттүк багыттарды урматтоону чыңдоо үчүн натыйжалуу практикаларды табуу. Мектепке чейинки балдарды адептик тарбиялоо темасы боюнча мектепке чейинки билим берүүнүн педагогдорунун жана тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун координатору Арстанбек Сагынтай уулу долбоордун иши, максаттары жана натыйжалары жөнүндө, ошондой эле окутуунун программасына киргизилген этно-педагогиканын элементтери, салттуу билимдер жөнүндө айтып берди. Салттуу руханий-адептик дөөлөттөрдүн негизинде мектепке чейинки балдарды тарбиялоо маселелери биздин «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорубуздун тематикасы менен байланыштуу. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору боз үйлөрдө уюштурулат, окутуу программаларына этно-педагогиканын көп сандаган элементтери – улуттук оюндар, фольклор, улуттук колдонмо көркөм өнөрү менен таанышуу, «Билим сандыгы» методикалык окуу куралы жана улуттук ашкана киргизилген.


Маалымат үчүн: 2014-жылдан тартып сегиз жылдын ичинде «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында программалар Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында жашаган 16 300дөн ашык баланы, 6200 ата-энени, 1400 педагогду камтыды.

Климаттын туруктуулугун камсыз кылуу, табияттын мурастарын сактоо жана Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялады. Буга байланыштуу 2022-жылдын жайкы сезонунда биз өз ишибизди күчөтүүнү жана бүткүл өлкө боюнча жайлоолордо 100гө жакын өнүктүрүү борборун ачууну пландаштырып жатабыз.