“Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында STEM фестивалы башталды

April 27, 2022, 11:48
Бүгүн, 2022-жылдын 27-апрелинде Ош мамлекеттик университетинде “Илимдеги кыздар” долбоорунун Ош шаарындагы өспүрүмдөр жана окуучулар үчүн STEM фестивалы башталды.

Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, ЮНИСЕФтин гендердик адиси Ажар Бообекова,“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун директорунун орун басары Роза Кайыкова, Ош шаардынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Айгүл Калматова ,Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Саламат Айдарова катышууда.

STEM фестивалынын максаты-14-17 жаштагы өспүрүм кыздарды илимге, техникага, технологияга жана искусствого кызыктыруу. Ошондой эле өспүрүм кыздар арасында STEM багытын жайылтуу жана "Илимдеги кыздар" долбоорундагы менторлордун тажрыйбалары менен тааныштыруу.

STEM фестивалы ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан Ош мамлекеттик Университети менен өнөктөштүктө уюштурулууда.

Иш-чарада "Илимдеги кыздар" долбоорунун катышуучуларына жана жалпы мектеп окучууларына тажрыйба алмашуу аянтчалары уюштурулду.Ошондой эле долбоор алкагында Жалпы Республикалык Тестирлөөгө даярдоо курсуна катышып жаткан кыздар кесипке багыт берүү жана STEM адистиктерине шыктандыруу мүмкүнчүлүгүн алышат.

Фестивалда STEM тармагы боюнча адистиктерди мектеп окуучуларына тааныштыруу жарманкеси уюштурулат.

Жарманкеге Ош шаарындагы бардык жогорку окуу жайлардын, ондогон окуу борборлорунун, мектептердин катышуусу күтүлүүдө. 4 күнгө созулган бул фестивалда илимге, техникага, программалоого, табийгый илимдерге кызыктыруучу мастер-класстар, СТЕМ жана ментордук программалар боюнча презентациялар, технологиялардын колдонулуштары боюнча презентациялар жасалып, СТЕМ жана искусство боюнча көргөзмө уюштурулду. Ошондой эле окуучу-кыздар Ош шаарындагы жогорку окуу жайларга экскурсияга барышат.

Долбоордун алкагында бүгүнкү күндө Ош шаарында 80 окуучу-кыздар Секом окуу борборунда ЖРТга даярдануу курсунда акысыз окуп жатышат. Ал эми ментордук программага 50 дөй устат эжекелер катышып 500гө жакын өспүрүм кыздарга долбоордун максаттарына ылайык иш- чараларды өткөрүп кыздарга таалим берип жатышат.

Маалымат үчүн: ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ, Балдарды коргоо борбору жана АУЦАнын Инновациялык колледжи тарабынан 2020-жылдан бери ишке ашырылып жатат.