«Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасынын экинчи фазасынын аякташына арналган иш-чара болуп өттү

April 25, 2022, 10:45

  Пост релиз


«Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасынын экинчи фазасынын аякташына арналган иш-чара болуп  өттү



2022-жылдын 23-апрелинде Супара этно комплексинде «Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасынын экинчи фазасынын аякташына арналган иш-чара болуп  өттү.


Менторлор менен жыйынтыктоочу жолугушууга КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын негиздөчүсү Роза  Отунбаева, КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, ошондой эле ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Кристин Жольм, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Лосникова долбоордун өнөктөштөрү, эксперттери жана чакырылган меймандар катышышты.


Иш чараны алып баруучу фонддун аткаруучу директору, Догдургүл Кендирбаева,  Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Бердибек Жамгырчиевдин “Илимдеги кыздар” чыгармасын көркөм окуу менен баштады.


Иш-чарада   ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасын ишке ашыруунун экинчи фазасынын жыйынтыктары чыгарылды.


Экс-президент Роза Отунбаева өз сөзүндө долбоордун максаты-окуучу кыздардын көңүлүн так илимдерге буруу экенин белгиледи. “Кыздар келечекте энергетика, тоо-кен индустриясы,айти тармагы сыяктуу багыттарды тандаганы жакшы. Дал ошол чөйрөдө адистер жетишсиз жана өлкө экономикасы ошол тармактардан өнүгөөрүн унутпашыбыз керек. Мен бүгүн сиздерге чакырык таштайын деп жатам. Кыргызстанда насаатчылыкты алып кетишибиз керек, ушундай тажрыйбаны өнүктүрүшүбүз керек. Калкыбыздын 50% аялдар экен, өспүрүм кыздарга жол көрсөтүп турганга биздин акылыбыз да, тажрыйбабыз да жетет”, - деди Роза Отунбаева.


“Илимдеги кыздар” долбоору КР билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз байланышта ишке ашып келүүдө. КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ агартуу тармагында аткарып келген иштери үчүн ыраазычылыгын билдирип, Эл аралык уюмдардын коомубуздун өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилеп өттү.


“Дүйнө  өтө тездик менен өнүгүп жатат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө 54%  англис тилинде, азыр балдарга англис тилин окутуу суу менен абадай керек болуп калды. Азыр өлкөнүн өнүгүшү, индустрия, өндүрүш баардыгы так илимдерге байланыштуу.   STEM тармагын өнүктүрүү багытында мамлекеттик саясатыбызды баштадык. Химия, биология, математика жана информатика мугалимдери үчүн айлык маянаны 20%  көбөйтүп бердик”, - деди Алмазбек Бейшеналиев.


“Илимдеги кыздар” долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында Кыргызстанда, өзгөчө технология, илим жана чыгармачылык индустрия жагында ийгиликтүү жана кесипкөй тажрыйбасы бар 160 айым ментор катары иш алып барышты.Ар бир насаатчы айымга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептеринин 710-класстарындагы кыздар тобу бекитип берилген. 5 ай аралыгында 160 ментор 1326 шакирт менен иштеди.


ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Кристин Жольм өз сөзүндө устаттарга, долбоорду ишке ашырып жаткан өнөктөштөргө алкышын айтып өттү. 


“Сиздер 5 айдын ичинде  кыздарга убактыңарды бөлүп, билим жана турмуштук тажрыйбасыңыздар менен бөлүшүп келгениңиздер үчүн ыраазыбыз.  Эң башкысы кыздарга кесип тандоо боюнча багыт бере алдыңыздар,моралдык компас катары жасаган ишиңер чоң. Сиздер шакирттериңиздердин өзүнө болгон ишенимин күчөтүп,келечекте болгон кыялдарына жол салып, ошол мүмкүн экенин көрсөтө алдыңыздар,”- деди Кристин Жольм.


Иш-чаранын жүрүшүндө Юнисефтин гендер боюнча адиси Жыпар Турмаматова “Кыздар асманды багындырат” деген темада презентация жасады , ал эми долбоор боюнча  маалымат , долбоордун өнөктөштөрү, долбоордун максаты жана насаатчылык программанын жыйынтыктары тууралуу долбоордун координатору Роза Кайыкова өзүнүн презентациясында “Устаттын жолу узун” деп насаатчылык программасына кененирээк токтолду. Устат  өспүрүм кыздарды таптап, шыктандырып, өнүктүрүп максатына жеткирүү үчүн  долбоор башталгандан бери 193 насаатчы 2140 шакирт менен 5 айлык мөөнөт ичинде тынымсыз өнүгүп жаткан дүйнөдө кесипти тандоодо багыт алуусуна мүмкүнчүлук түзүү бонча ишмердүүлүктөрүн уюштургандыктарын айтты . Өспүрум кыздар ар түрдүү мүнөздө болушту. Ошого карабастан алар дос жана психолог болуп , өспүрүмдөр менен иштөөнүн ар түрдүү ыкмаларын колдонуп иш алып баргандыктары үчүн долбоордун командасынын атынан ыраазычылыгын билдирди


Андан соң , насаатчылар  Кутнаева Нурия менен Артыкова Жылдыз ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүштү ,шакирттерден 10-класстын окуучусу Советалиева Сауле,9-класстын окуучусу Баимова Алтынай өздөрүнүн жетишкен ийгиликтери тууралуу толкундануу менен айтып беришип өздөрүнун устаттары Кутнаева Нурияга жана  Венера Кожомкуловага ыраазычылыктарын билдиришти.


Иш-чаранын жүрүшүнө  музыкалык коштоолор көрк кошуп турду. Президенттин “Манас” камералык оркестринин негиздөөчүсү,көркөм жетекчиси, дирижер КР Эл артисти Эрнис Асаналиев,КР эмгек сиңирген артисти , А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын солисти Тилек Найманбаев, обончу аткаруучу,филология илимдеринин кандидаты Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору Түмөнбай Колдошов, Мээрим Карыпова иш-чаранын катышуучуларына жылуу маанай тартуулашты.


2022-жылдын аягына карата пилоттук мектептердин жогорку класстарындагы 2600 кыз «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасына катышууга тийиш. Ментордук программанын башкы максаты насаатчылык курсунан өтүп жаткан кыздар үчүн шарттарды, аларга келечекте STEM билим берүүнүн артыкчылыктарын, маанилүүлүгүн, актуалдуулугун жана келечектерин аңдап-түшүнүүгө жардам бере турган чөйрөнү түзүү болуп саналат.


Маалымат үчүн: ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ, Балдарды коргоо борбору жана АУЦАнын Инновациялык колледжи тарабынан 2020-жылдан бери ишке ашырылып жатат.