STEM’дин жазгы мектебинин ачылышы болуп өттү

April 15, 2022, 08:51

2022-жылдын 14-апрелинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ менен бирдикте И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында STEM’дин жазгы мектебинин ачылышы болуп өттү.

 

Быйылкы жылы жазгы мектеп «Илимдеги кыздар» долбоорунун катышуучулары үчүн жүргүзүлүп жатат. ЖРТга даярдоонун үч айлык курсунан өткөн мектеп окуучулары эми И.Раззаков атындагы КМТУнун жетектөөчү окутуучуларынан техникалык багытта мансапты пландаштыруу боюнча консультация алат.

 

Жазгы мектептин ачылыш аземинде И.Раззаков атындагы КМТУнун проректору Жыргалбек Сыдыков саламдашуу менен сөз сүйлөдү, ал STEM багытында кыздардын саны азайышына байланыштуу университет кыздар үчүн кесиптик багыт берүүчү иш-чараларды дайыма жүргүзүп турат деп белгиледи.


Ошондой эле Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлү Турдубаева Гузель кыздарды бул мектеп берип жаткан ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырды. Гузель Жеңишовна Билим берүү башкармалыгынын атынан «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФга билим берүүнү өнүктүрүүнүн урматындагы иши үчүн ыраазычылык билдирди.


Мектептин катышуучуларынын алдында ошондой эле ЮНИСЕФтин гендердик адиси Ажар Бообекова, «Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Роза Кайыкова, «Жеңил өнөр жайынын буюмдарынын технологиясы» кафедрасынын доценти Майрамкуль Чимчикова, Кыргыз-Герман техникалык институтунун ДААД лектору Дагни Вольф сөз сүйлөдү. Чет тилдер кафедрасынын башчысы Айнура Чокморова «Soft skills» (жеңил жөндөмдөр) темасына презентация менен сөз сүйлөдү.


STEM мектебинин уюштуруучусу, КМТУнун алдындагы Кыргыз-Герман техникалык институтун директору Анипа Усупкожоева кыздарды мектептин жумуш планы менен тааныштырды жана пландаштырылып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди.


Аптанын аралыгында мектептин катышуучулары STEM багыттары – математика, химия, информатика боюнча окутуудан өтөт, ошондой эле кесиптик багыт берүүчү экскурсияларга катышат. Ошондой эле мектептин алкагында катышуучулар үчүн дүйнөлүк компанияларда иштеп жаткан STEM жагындагы адистер менен эфирлер уюштурулат.


Эске сала кетсек, кышкы, жазгы, жайкы STEM мектептери «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан 2015-жылдан бери өткөрүлүп жатат жана инженердик адистиктерге мүмкүн болушунча көбүрөөк окуучу кыздарды тартууга мүмкүнчүлүк берет.


STEM мектеби Кыргыз-Герман техникалык институту тарабынан Германиянын академиялык алмашуу кызматы DAAD жана Германиянын маалыматтык технология институту менен бирдикте ишке ашырып жатат.


ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорун «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Балдарды коргоо борбору жана АУЦАнын Инновациялык колледжи менен бирдикте ишке ашырууда.