«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ бак отургузуу боюнча ар жылдагы салтты улантты

April 14, 2022, 08:41

2022-жылдын 14-апрелинде Бишкек шаарынын № 16 мектебинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду көчөттөрдү отургузду.

 

Акциянын максаты балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу жана мектептин аймактарында жагымдуу микроклиматты түзүү болуп саналат.

 

Быйылкы жылы көчөттөрдү отургузуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 10 жылдык мааракесине туш келтирилди жана КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен өттү.

 

Фонд көптөгөн жылдар бою балдарды экологиялык тарбиялоого жана эрте өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келүүдө. Мааракелик жылдын ичинде Фонд бир нече долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырып жатат жана алардын бири болуп жашылдандыруу жана көчөттөрдү отургузуу саналат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду өнөктөр менен бирге өткөн жылдардын ичинде борбор шаардын 85 мектебинде жана балдар бакчасында жашылдандыруу боюнча ишти жүргүздү деп белгиледи өз сөзүндө КР экс-Президенти Роза Отунбаева.

 

«Азыр биз татаал жылдарда, планетадагы өтө буркан-шаркан мезгилде жашап жатабыз. Биз бул жерде, Кыргызстанда, бүгүн бак отургузуп жатабыз, бул ушунчалык тынч, сонун иш. Дайыма эле мектептерди куруп, балдарды өстүрүп жана бактарды отургуза берсек. Тынчтык – бул эң баалуу нерсе», - деп айтты Роза Исаковна.

 

Иш-чара «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) ЖАКнын демилгеси боюнча Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурулду.

 

«Жыл сайын экологдор жана эксперттер менен бирдикте жашылдандырууга муктаж билим берүү мекемелерин кыдырып чыгуу жүргүзүлөт. Алсак, быйылкы жылы көчөттөрдү отургузуу үчүн 7 окуу жайы тандап алынды, бүгүн көчөттөрдү отургузуу бир эле учурда Бишкек шаарынын мектептеринде жана балдар бакчаларында жүргүзүлүп жатат. Биз бүгүн отургузган көчөттөр тамыр алат жана туура багуунун натыйжасында кийинки жазда жашыл жалбырактары менен балдарды кубандырат деп үмүттөнөбүз. Көчөттөр дал окуу жайларында отургузулуп жатканы бекеринен эмес: бактарды отургузуп жана багуу менен биз балдарга жаратылышка жана экологиялык баалуулуктарга аяр мамиле кылууну эрте курактан тартып каныктырабыз», - деп айтты «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) ЖАКнын Башкармалыгынын Төрагасы Али Ариф.

 

«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (КИКБ) ЖАК жашылдандыруу үчүн 2012-жылы «Жашылдандыруу фондун» түзүп, көчөттөрдү отургузуу жана бактарды сактоо боюнча кампанияны демилгеледи.

 

Белгилеп кетели, КР Президенти Садыр Жапаров «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон, анын максаты климаттык туруктуулукту жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын өткөрүү болуп саналат.

 

Акциянын алкагында Фонд Бишкек шаарынын 5 мектебинде көчөттөрдүн жергиликтүү: тикенектүү, жалбырактуу жана бадал сортторун отургузат. Бактарды отургузуу үчүн №№16, 3, 88, 81 жана 96 мектептер тандап алынды.