Ата-энелер үчүн «Бешке чейин үлгүрүү» деген жаңы долбоор старт алды

April 7, 2022, 05:48

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду «Миндеру» фонду, Австралия, менен бирдикте «Бешке чейин үлгүрүү» деген долбоорду ишке ашырууга киришти.


Долбоордун алкагында ата-энелер үчүн мобилдүү тиркеме иштелип чыгат, ал жерде алар баланы ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй маанилүү аспекттер жөнүндө өзүнө пайдалуу маалыматты таба алат: баланын үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашуусу жана өз ара аракеттенүүсү, сүйлөшүү, оюн, бала үчүн коопсуз үй – наристе үчүн үйдө, коомдоштукта коопсуз жана жагымдуу чөйрөнү кантип түзүү керек. Ата-энелер жана үй-бүлө мүчөлөрү гана наристени коопсуз жана ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн баланы ушул зарыл шарттар менен камсыз кыла ала тургандыгын эске тутуу зарыл. Ошондуктан баланы өнүктүрүү жөнүндө ата-эненин сабаттуулугун жогорулатуу үчүн ар кандай форматтар өтө маанилүү.


Тиркеме жазып алуу жана пайдалануу үчүн үстүбүздөгү жылдын августунда жеткиликтүү болот.


«Бешке чейин үлгүрүү» мобилдүү тиркемесин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча долбоор ишке ашырыла турган 30 өлкөнүн ичинде Кыргызстан жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тандап алынганын белгилөө кубанычтуу. Бул долбоор Фонддун кызматкерлеринин жана эксперттеринин узак жана түйшүктүү ишинин натыйжасы болуп калды.


Эске сала кетсек, Фонд балдарды эрте өнүктүрүү жагынын туруктуу иш жүргүзүп келатат: социалдык тармактарда 46000 адамды камтуу менен «Үчтөн кийин кеч» барагы, «Үчтөн кийин кеч» китеби, ата-энелер үчүн «Гений» радио берүүсү, «Балалык мектеби» лекторийи.


Маалымат үчүн: Кыргызстандагы ЮНИСЕФтинмаалыматтары «өлкөдө 2,1 миллион бала бар экендиги, алар бүткүл калктын 36.5%ын түзө тургандыгы» жөнүндө айтып турат. Мында «алар өз балдары менен ойногонду билбейт. Алар баланын интеллектуалдык, когнитивдик, социалдык, эмоциялык жана денебой жактан өнүгүшүн тездетүү үчүн балдар менен баарлашуу жагынан билимдерге жана жөндөмдөргө ээ эмес».

Долбоор жөнүндө кең-кесири маалыматты office@roza.kg дареги боюнча ала аласыз.