Фонддо Jannat Hotels & Resorts отелдер тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

March 30, 2022, 08:00

2022-жылдын 30-мартында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана Jannat Hotels & Resorts отелдер тармагынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Фонддун аткаруучу директору Д.Ш. Кендирбаева, аткаруучу директордун орун басары, «Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Р.Ж. Кайыкова, «Санарип 50+» долбоорунун координатору Сүйүндүк у. Д., «Илимдеги кыздар» долбоорунун ассистенти А.Осмоналиева, отелдер тармагынын аткаруучу директору С.А. Марченко, маркетолог И.В. Литвякова, event менеджер С.Исаева катышты.

 

Өз тарабынан отель «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан иш үчүн, аялдарды, балдарды, билим берүүнү жана маданиятты колдоо боюнча долбоорлорду өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылыкты жана урматтоону билдирди.

 

Jannat Hotels & Resorts отелдер тармагы холдингинин башкармалыгы Фестивалды – 2022–2023-окуу жылдарына билим берүү ярмаркасын өткөрүү боюнча долбоор ишке киргизилип жатканы, долбоордун максаты: потенциалдуу абитуриенттерди жогорку, орто техникалык, орто жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү тенденциялар менен тааныштыруу, ЖОЖдордун өкүлдөрү менен жолугушуулар, меймандар үчүн мастер-класстар жана конкурстар белгиленгендиги жөнүндө маалымдады.

 

Тараптар билим берүү, иш-чараларды уюштуруу жана алардын логистикасы, аянтчаларды жана жайларды ижарага алуу жана башкалар жагынан кызматташтыктын маселелерин талкуулады. Эки тарап тең өз ара пайдалуу үзүрлүү кызматташтыкка үмүттөнгөнүн билдирди.