Фонддун 10 жылдыгына арналат: 2014-жыл

March 28, 2022, 07:55

2014-жылга карата «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду калк арасында кеңири белгилүү болуп калды, Фонддун көпчүлүк иш-чаралары белгилүү болуп гана тим болбостон, ошондой эле борбор шаардын тургундарына жакты, Фонд ишенимдүү өнөктүн кадыр-баркына ээ болду. Көңүлдүн чордонунда кайрадан билим берүүнү өнүктүрүү жана балдарды эрте өнүктүрүү, экологиялык тарбиялоо, маданиятты өнүктүрүү, кыз-келиндердин потенциалын арттыруу, чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештерди бириктирүү болду.


«Балалык мектеби» лекторийи жана «Ачык китеп» долбоору, Экинчи Билим фестивалы жана «Кенже курактагы балдар үчүн китеп окууну алга илгерилетүү» долбоору билим берүү системасын колдоого жана өнүктүрүүгө багытталды. «КРда мектеп тамак-ашынын мамлекеттик саясатын алга илгерилетүү» деген жаңы долбоордун алкагында зор иш жүргүзүлдү.


2014-жылы «Өз күчү менен жайлоодогу балдар бакчасы» демилгеси жаңыдан өнүгүүгө ээ болду, ал эми өлкөнүн радио эфиринде ар жумадагы «Гений» радио берүүсү жаңырды, анын девизи «Ар бир бала гений» болду.


«Музыка – элдин жан-дүйнөсү» деген кеңири музыкалык-билим берүү долбоору демилгеленди жана ишке ашырылды. Фонддун өлкөнүн музейлери менен жигердүү кызматташтыгы башталды, «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» жана «Өткөн мезгилдердин куурчактары» көргөзмөлөрү уюштурулду. Мындан тышкары, белгилүү радиодокументалист, AIB эл аралык сыйлыгынын ээси, фотограф, "Азаттык" радиосунун журналисти Жаныл Жусупжандын «Памирдеги кыргыздар» презентациясы жана КЭРдин майлуу боек менен живопись тартуу техникасы жагында иштеген ондогон мыкты сүрөтчүлөрүнүн бири Янь Яянын Бишкекке визити уюштурулду. «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» жана «Поэзия кечеси» демилгелерин ишке ашыруу улантылып жатат.


Экинчи «Мекендештер форуму», «Discover Asia - Жаңы форматы», «Устат-II» насаатчылык долбоору, «Коом алдында мамлекеттин отчет бериши жана ак ниеттүү башкарууга жарандардын катышуусу» деген конференция, парламентаризм жөнүндө диалогдор – ушулардын бардыгы бийликтин жана жарандык коомдун ортосундагы диалогду түзүүгө жана тереңдетүүгө багытталган.