2013-ЖЫЛ: «Устат» насаатчылык долбоору

March 8, 2022, 22:54

2013-жылдын июнунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Устат» менторлук долбоорун ишке киргизди.


Кыргыз элинде насаатчылыктын кылымдарды карыткан тарыхы бар. Аксакалдардын – турмуштук бай тажрыйбасы бар, кыргыз коомчулугунун кадыр-барктуу мүчөлөрүнүн – институту көчмөн элде алда канча кеңири орун алган. Насаатчылык жөндөмдөрдү жана каада-салттарды, ошондой эле адамдын жашоо-турмушунун ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү кесиптик чеберчиликти өткөрүп берүүнүн шайманы болгон.


Азыркы Кыргызстандын өнүгүшү бир катар оорчулуктарды башынан өткөрүп жатат, алардан арылуу бүткүл коомдун, жаштардын жана улуу муундун, эркектердин жана аялдардын күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылат. Кыргызстандын өнүгүшүнүн объективдүү факторлору азыркы кыргыз коомунда аялдардын ролу андан ары өсүп жаткандыгы жөнүндө айтып турат. Келечекте, сөзсүз түрдө, лидер айымдарды максатка багыт алуу менен жана мыйзам ченемдүү даярдоо талап кылынат. Кыз-келиндердин мындай топторун даярдоонун негизги багыттарынын бири алар дүйнөгө айрым тиешелүү көз карашка жана ушул сөздүн кеңири маанисинде саясий менеджменттин алдыңкы тажрыйбасына ээ болушу үчүн насаатчылык институтунан өтүшү болуп калды.


Бул максатка жетишүү үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду НДИ (NDI) жана АКШнын КРдагы Элчилиги менен кызматташтыкта «Устат» менторлук долбоорун иштеп чыкты жана ишке киргизди, ал 6 ай бою иштеди.


«Устат» менторлук долбоорунун насаатчылары мамлекеттик башкаруунун төмөнкүдөй 9 чөйрөсүнүн өкүлдөрү болду: КР ЖК, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Башкы прокуратура, Юстиция министрлиги, Менеджмент жана Дизайн Университети, КР Өкмөтүнүн Аппараты, Жогорку сот, КР Эсептөө палатасы.


Бул долбоордун биринчи этабынын алкагында төмөнкүдөй беш тренинг өткөрүлдү: «Эл алдында сүйлөө жана чечендик чеберчилик жөндөмдөрү», «Иш боюнча кат алышуу жана талдоо документтерин жазуу жөндөмдөрү», «ЖМК менен натыйжалуу иштөө», «Этикеттин негиздери».


«Устат» долбоорунун катышуучулары ошондой эле Жогорку Кеңешке сапарга барды. Экскурсиянын жүрүшүндө алар парламенттин жыйналышынын жүрүшү менен таанышты, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева жана депутат Майрамкүл Тиленчиева менен жолугушту.


Долбоордун катышуучулары үчүн ошондой эле КР Футбол федерациясынын Футбол борборунда кызыктуу жана демейдегиден башкача иш-чара уюштурулду. Адегенде кыздар үчүн айымдар курамасынын машыктыруучусу жана «Абдыш-Ата» айымдар ФКнын башкы машыктыруучусу Оксана Гайдученко «Футболдун чеберлери» семинарын өткөрдү, андан соң катышуучуларга теорияны практикада текшерип көрүү – футбол ойноо мүмкүнчүлүгү берилди. «Устат» менторлук долбоорунун мүчөлөрүнө КР Футбол федерациясынын кызматкерлери кошулду жана алар эки командага бөлүндү. Матч өтө активдүү өттү, кыз-келиндер эң сонун оюн көрсөттү.


Долбоорго мамлекеттик башкаруунун ар кандай чөйрөлөрүнөн, жеке жана банк системасынан 25-35 жаш курактагы, жеке жана кесиптик жактан өнүгүүгө умтулган 24 кыз катышты. Шакирттер лидерлик мектебинен (кесиптик тренингдер) өтүп, жаңы нерселерге үйрөнүүгө, өз алдынча өнүгүү процессин жакшыртууга, баарлашуу жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк алды, кызыктуу адамдар менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн алды жана өз байланыштарынын тармагын кеңейтти.