2013-ЖЫЛ: «Discover Asia»

February 23, 2022, 18:49

2013-жылы “Discover Asia” демилгесинин алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Казакстан Республикасынын Элчилиги менен өнөктөштүктө кезектеги VII жолугушууну өткөрдү. Бул жолу талкууга «Казакстандагы билим берүү реформалары – прогресстин жана туруктуу өнүгүүнүн негизи» темасын сунуш кылды.


Ал эми бир аз кийинчерээк Индонезия Республикасынын Элчилиги менен өнөктөштүктө КРда Индонезия Республикасына арналган “Discover Asia” жолугушуусун уюштурду. Жолугушуунун темасы: «Экономикалык реформаларды жүргүзүүдө Парламенттин ролу. Индонезияда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү». Жолугушуунун учурунда Индонезия Республикасынын Парламентинин мүчөлөрү Фахир Хамза жана Нудирман Мунир мырзалар, ошондой эле Кооперативдер, чакан жана орто бизнес боюнча министрликтин Пландаштыруу бюросунун башчысы Марджоко Пратомо мырза жана SMESCO INDONESIA компаниясынын башкы директору Юана Сутьёвати мырзайым сөз сүйлөдү.


Жолугушууларга катышуу үчүн КРнын мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү чакырылды.


2013-жылдын аягында демилге жаңы форматты кабыл алды жана Фонддун чакыруусу боюнча Кыргызстанга Россиянын эл аралык эксперттери жана политологдору: Борбордук Азия боюнча эксперт, «Московские новости» газетасынын баяндамачысы Аркадий Дубнов жана «Россия в глобальной политике» журналынын башкы редактору Лукьянов Федор Александрович келди.


Эксперттер актуалдуу эл аралык көйгөйлөргө өздөрүнүн көз караштарын айтты, КМШнын, Бажы бирлигинин алкагында өлкөлөрдүн өз ара байланышынын тынчсыздандырган жана башка көптөгөн суроолорго жооп берди.