2012-ЖЫЛ: Айымдардын ден соолугу

January 30, 2022, 00:42

2012-жылдын октябрында Роза Отунбаева Борбордук Азия региону боюнча Эмчек безинин рагы жөнүндө маалыматты таратуу боюнча кампаниянын «Кызгылт жибек тасма» кампаниясы) ыктыярдуу элчиси болуп шайланды. 2012-жылдын июнунда Роза Отунбаеванын күч-аракеттеринин аркасында Кыргыз Республикасында эмчек безинин рагынын диагностикасы жагындагы татаал кырдаалды жакшыртуу максатында Япониянын Өкмөтү маммографиялык жабдууну сатып алуу түрүндө жардам көрсөттү.