25-январда «Илимдеги кыздар» долбоорунун жаңы менторлору менен белгилөөчү жолугушуу болуп өттү

January 26, 2022, 23:48

25-январда «Илимдеги кыздар» долбоорунун жаңы менторлору менен белгилөөчү жолугушуу болуп өттү.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорунун үчүнчү этабынын менторлору:

·Назгуль Расулова - М.Рыскулов атындагы КЭУнун инженер-технологу, экономика илимдеринин кандидаты.

·Турсуналиева Динара - М.Рыскулов атындагы КЭУнун проректору. Экономика илимдеринин кандидаты
· Рыскуль Акимжанова  - "Бай Элим Компани" ЖЧКнын башкы директору
· Эрке Джумакматова – “Оймо Студио” ЖЧКнын башкы директору
·Айгуль Бадахшанова – сүрөтчү, графикалык дизайнер. “Манас” КТУнун окутуучусу
·Айнура Мамашарип – «Билимтек» ЖЧКнын башкы директору
·Наргуль Асанканова – «Доскредобанк» ААКнын Долбоорлор башкармалыгынын бөлүмүнүн башкы бизнес талдоочусу
·Бермет Турсалиева - "Ормон" агенттигинин бренд директору
·Жекшенов Айгуль  - М.Рыскулов атындагы КЭУнун Санариптик экономика жана программалоо кафедрасы

белгилөөчү маалыматты алды жана өз шакирттери менен жолугушту.

 


«Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Роза Кайыкова долбоордун максаттары жөнүндө айтып берди жана кыздарды өнүктүрүүгө салым кошуу ниети үчүн менторлорго ыраазычылык билдирди.

 

Эске сала кетсек, ментордук программанын үчүнчү этабы старт алды, ага тартылган бизнес-ассоциациялардан жана STEM кесиптерден Кыргызстандын ийгиликтүү жана прогрессивдүү айымдары тандалды.

 

Насаатчылык программасынын максаты: SТЕМ-билим берүүгө жана патриоттук тарбиялоого кыздарды тартууга арналган билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорун (2021-2022-жж.) ишке ашыруунун алкагында 150 ментор жана Бишкек шаарынын, Чүй областынын Аламүдүн, Сокулук райондорунун, ошондой эле Ош шаарынын жана Ош областынын Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринен 2600 кыз тандап алынды. Ар бир менторго Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептериндеги 7–10-класстардагы кыздар бекитип берилет.