«50+ адамдар үчүн мобилдүү технологиялар» долбоору эми Бишкек шаарынын лицейлеринде!

January 24, 2022, 05:42

Жаңы жылдык каникулдардан кийин биринчи жумуш аптасы өтө активдүү болду. Долбоор Бишкек шаарынын дене тарбия мектептеринин, №93, №17, № 10 кесиптик лицейлеринин мугалимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу программасынан алкагында 10-январдан 21-январга чейин Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин окутуучулары үчүн окутуучу тренингдерди өткөрдү. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен тартып жогорку окуу жайларына чейин бардык билим берүү секторлорунун окутуучуларына көмөк көрсөтүү максатында тренингдик программа билим берүү тиркемелери менен толукталды.


Тренингдин программасы өзүнө төмөнкүдөй темаларды камтыды:

• Медиа-маалыматтык сабаттуулуктун негиздери;
• Google программалары жана тиркемелери (онлайн-тесттерди, презентацияларды жана документтерди түзө билүү);
 Күндөлүк турмушта социалдык тармактарды пайдалануу;
• Финансылык сабаттуулуктун негиздери жана күндөлүк финансылык көйгөйлөрдү чечүү үчүн «Элсом» электрондук капчыгын пайдалануу;
• «Kahoot» интерактивдүү тиркемеси;
 «Canva» видеороликтерин түзүү үчүн мобилдүү тиркеме;
 Финансылык коопсуздуктун негиздери.

 

Тренингге катышуу маселелери боюнча 0555151851 телефону (Данияр) боюнча кайрылыңыз


Маалымдама: «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы (КИКБ) менен өнөктөштүктө долбоорду ишке ашырып жатат, долбоордун максаты улуу муундагы адамдарды смартфондор менен иштөөгө, дүйнөлүк интернет тармагын өздөштүрүүгө, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде баарлашуу жөндөмдөрүнө ээ болууга окутуу, ошондой эле электрондук капчык аркылуу накталай эмес эсептешүүнү жүргүзүү үчүн мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу жана ар бир күнгө алмашылбас мобилдүү тиркемелерди пайдалануу болуп саналат.