«Бүт Кыргызстан китеп окуйт!»

December 20, 2021, 11:56

“Р.Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду балдардын китеп окуу маданиятын жана муктаждыгын жаратуу максатында өлкө аймагы боюнча “Бүт Кыргызстан китеп окуйт!” ири демилгесин баштады.


2021-жылдын 17-декабрында Ч. Айтматовдун үй-музейинде аталган акциянын башталышы болду. Бишкек шаарындагы № 58-мектептин 9-классынын окуучулары үчүн Роза Айтматова "Саймалуу ак көйнөк" деген эскерүү-аңгемесин окуп берди. Ошондой эле окуучулар үчүн БУУнун билим,илим жана маданият иштерин айкалыштыруу боюнча КР Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Солтонгелдиева Сабира "Биринчи мугалимден" үзүндү окуп берди Иш-чара учурунда окуучулар үчүн Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине экскурсия жүргүзүлдү.


Акыркы иликтөөлөр боюнча чоңдордун жана балдардын окуу жана түшүнүү көндүмдөрүнүн төмөндүгү аныкталып, коомдо сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүнүн өксүп жаткандыгы, билим сапатынын төмөндөшүнө түздөн түз төмөндөшүнө алып келүүдө. Тынымсыз телефондорго алаксуу тереңдеп, жалган маалыматтарга ишенүү аркылуу коомдун мүчөлөрүндө бирин бири түшүнүү жана кабыл алуу татаалдашып бара жатат. Коомдун коммуникациялык баарлашуусу төмөндөөдө.


Жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүнүн бир ыкмасы катары ар бир кыргызстандыкты китеп окууга, балдарына китеп окуп берүүгө, ар бир маданий мекемеде туруктуу китеп окуу акцияларын өткөрүү менен коомчулукта китеп окуу зарылдыгы боюнча маалымдуулугун жогорулатуу максатын көздөйбүз.


Бүгүнкү күнү биздин өнөктөштөр: ББИ министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Ч.Айтматов атындагы коомдук фонд, Коомдук телерадио корпорациясы, ЮНЕСКО ж.б көптөгөн Эл аралык уюмдар колдоого даяр экендиктерин билдиришүүдө.


Акция-демилге бир жылга созулуп залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун туулган кунунө карата жыйынтыгы чыгарылып, жигердүү демилгелер аныкталат. Төмөнкү тематика багытында жеңүүчү аныкталат:

-Жигердүү окурман үй-бүлө(ар бир областтан)
-Жигердүү китепкана же мекеме(ар бир облустан)
-Жигердүү китепкөй бөбөк(ар бир облустан)
-Жигердүү китеп окуу демилгеси ОМСУ(ар бир облустан)
-Жигердүү окурман (ар бир облустан)
-Эң мыкты маалымат коштоочу ММК(ар бир облустан)

Биздин ураан: Китеп - билим булагы, билим- өмүр чырагы!

Балдардын китеп окууга болгон аракетин колдоо, шыктандыруу!

Китеп окуу - билим сапатынын жогорулашына таасирин тийгизээрин жалпы коомчулукка жеткизүү!