“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фонду жана “РухЭш” сайты негиздеген Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүсү аныкталды

December 8, 2021, 10:41

Таланттуу акын Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүсү Мелис Мамажан уулу болду.


Аталган сыйлык жыл сайын З.Ажыматовдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки жаштар арасынан тандалып алынган бир гана акынга ыйгарылат. Адабий конкурстун катышуучулары арасында жеңүүчүнү “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий эксперттер тобу аныктады.


Конкурс шарты боюнча “Казына” тобунун мүчөлөрү: Үмүт Култаева, Абдыкерим Муратов, Айсулуу Көкөева, Садык Алахан, Амирбек Азам уулу, Жолдош Турдубаев, Тайир Аширбай, Шабдан Сулайманов, Азамат Омош, Түмөнбай Колдошов, Улукбек Омокеев, Абдысамат Сарала жана Олжобай Шакирдин катышуусу менен көркөм талапка жооп берген эки акындын чыгармачылык камылгасы ачык талкууланды. Бири – Айзат Кудайберди кызы, экинчиси – Мелис Маматжан уулу.


Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Мелис Маматжан уулуна 7 упай, Айзат Кудайберди кызына 5 упай берилди.


Сыйлыктын жеңүүчүсү Мелис Маматжан уулуна 12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнүнө карата Супарада саат 11-00дө өтөт.


Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фондунун, “Рухеш” сайтынын жана Супара комплексинин  колдоосу менен уюштурулат. Жеңүүчүгө Зайырбек атындагы төш белги, диплом жана экс-Президент Роза Исаковна Отунбаеванын атынан 100 миң сом ыйгарылат.