«Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасынын биринчи этабы аяктады

November 3, 2021, 09:35

2021-жылдын 30-октябрында Хаят отелинде ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасынын биринчи этабы аяктагандыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

 

Иш-чара КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Роза Исаковна Отунбаеванын жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ольга Брызгалованын катышуусу менен өттү.

 

КР экс-Президенти Роза Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөп, кыздардын турмушунда менторлордун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи:

«Биздин жашообузга из калтырган жана өзгөчө таасир эткен адамдар менен жолугушуулар биздин ар бирибизде болгон. Эгерде сизлердин ар бириңер 5-10 кызга таасир этсеңер, анда бул бүткүл Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салым болот, биз бардыгыбыз коомдун өнүгүшү үчүн жооптуубуз.
Транспорт, энергетика, IT, логистика жана курулуш – азыркы учурда экономиканы түзгөн багыттар. Келгиле, биз кыздарды ушул багытка буралы. Бардык кыздар эле тарбиячы болуп же үйүндө олтура берүүгө тийиш эмес. Бүткүл дүйнөлүк климаттык конференцияда дүйнөнү таза энергетика сактап калат деп айтылды. Биз, айымдар, буга өз салымыбызды кошууга тийишпиз. Азыр дүйнөгө инновациялар, өндүрүш, илим керек.
Мен силерге зор ийгиликтерге жетишкен жана дүйнө жүзү тааныган 3 айым жөнүндө айткым келет.
Захри Хадид - ирандык архитектор, ал дүйнөдө Притцкер сыйлыгы менен сыйланган биринчи аял болуп калды, анын эмгектери дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүн кооздоп турат.
Сауле Омарова – Казахстанда туулган, «Плющ лигасынан» Корнель университетинин банктык укук профессору, финансылык институттарды жөнгө салуу, банктык укук, эл аралык жана корпоративдик финансы жагынан адис. Ал Нью-Йорктун ири юридикалык фималарынын бири болуп саналган Davis Polk & Wardwell’де иштеген, Джордж Буш-уулунун учурунда финансы министрлигинде кеңешчи болуп иштеген.
Орен Эзмен – миллиардер, түрк тектүү америкалык бизнес-леди, Sierra Nevada Corporation’дин тең ээси жана президенти.
Силер алардын ысымдарын билишиңерди жана ушундай айымдар жөнүндө өз кыздарыңарга айтып, аларды ушундай мисалдар менен шактандырышыңарды каалайм. Ушундай мисалдар жана жардам берүүгө жана тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр, кайталангыс жана акылы терең, боорукер, ачык, кызыктуу адамдар менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү бизге кыздарды өнүгүү жана өз максатын ишке ашыруу тарабына багыттоого жардам берет».


ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кристин Жольм салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп, ал да насаатчылардын ишин белгиледи:

«Силердин жардамыңардын аркасында 800дөн ашык кыздар баа жеткис тажрыйба алды, силердин колдооңордун аркасында алар жашоодогу максатын аныктап, кесипти тандап жана бул кесипти алуу үчүн алгачкы кадамдарды жасай алды. Бирок эң маанилүүсү, силердин колдооңордун аркасында көпчүлүк кыздар өз күчүнө алда канча ишенип калганын белгилеп жатышат.
Ментордук программанын ушундай кыска мезгилинин ичинде силер шакирттердин турмушунда өтө маанилүү роль ойной алдыңар. Кыздар өздөрү үчүн мыкты келечекти куруусу үчүн алгачкы кадамдарды жасоодо силер аларга жардам бердиңер. Силердин салымыңар кыздардын турмушуна гана эмес, ошондой эле бүткүл кыргыз коомунун турмушуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Ал гана эмес, силердин ишиңер келечекте көптөгөн жылдар бою өз түшүмүн берет деп эсептейм».


КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ольга Брызгалова мындай деди:

«Олимпиадаларда абдан көп кыздар байгелүү орундарды ээлейт, бирок алар эркек балдардын көлөкөсүндө калат. Эмне үчүн кыздар жигиттердин жана эркектердин көлөкөсүндө калат? Силердин татыктуу мисалыңар коркуунун же бир орунда тура берүүнүн кереги жоктугу, алга карай илгерилөө керектиги, ал эми өз учурунда алынган маалымат жана силердин жетекчилигиңер менен, силердин жаныңарда жүрүп кыздар алган тажрыйба бул алардын андан ары өнүгүшү үчүн абдан зор түрткү экенин көрсөтүп турат. Кыздар жолдуу экен, алар өз жолунда силерди жолуктуруп олтурат. Менторлор – өзүнүн эмгектик иши менен катар, өздөрүнүн үй-бүлөлөрү үчүн баарын жасаган, 800дөн ашык кызга өзүнүн келечектеги жолун тандоого убакыт тапкан айымдар.
СТЕМ-билим берүү бүгүнкү күндө билим берүү системасына тездик менен кирип жатат. СТЕМдин предметтерин мектепте билим берүү системасына интеграциялоо жагынан предметтик стандарттар жана мамлекеттик билим берүү стандарттары да кайра каралып жатат».

 

Иш-чарада ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасын ишке ашыруунун биринчи этабынын жыйынтыктары чыгарылды. Уюштуруучулар долбоордун менторлоруна ыраазычылык билдирди жана белектерди тапшырды.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында Кыргызстанда ийгиликтүү жана кесиптик тажрыйбасы, өзгөчө технологиялар, илим жана чыгармачылык индустрия жагынан тажрыйбасы бар 113 аял тандап алынган. Ар бир менторго Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областынын мектептеринен 7-10-класстардагы кыздардын тобу бекитилген. 5 ай аралыгында 113 ментор 800 шакирт менен иштеди.

 

Менторлор туруктуу жолугушуулардын мезгилинде ментилер менен кесипке багыт берүү ишин жүргүзүп, STEM кесиптердин келечектеги маанилүүлүгүн түшүндүрүп, жеке өзүнүн тажрыйбасы жөнүндө айтып берип, аларга иштиктүү кеңештерди берип, алардын умтулууларын колдоп, шакирттердин натыйжасыз жана стереотиптүү ой-пикирлери жана ынанымдары менен иштеди. Менторлор ментилердин жекече өнүгүүсүнө зор көңүл бурду. Насаатчылар өз окуучуларын сергек жашоо ыңгайын тандоого шыктандырды, ал эми кыздардын жалпы маданий жактан өнүгүшүн арттыруу максатында алар менен бирге музейлерге, көргөзмөлөргө, концерттерге барды.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ натыйжалуу насаатчылыктын билимдерин жана жөндөмдөрүн жакшыртуу үчүн «Менторлор үчүн колдонмону», ошондой эле кыздар үчүн алар ийгиликтүү пайдалана ала турган «Шакирттин күндөлүгүн» иштеп чыкты.

 

Бардыгы болуп 2022-жылга карата «Илимдеги кыздар» долбооруна пилоттук мектептерден жогорку класстардагы 3000 окуучу кыз катышат, 150 насаатчы алар менен иш алып барат.