«Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасынын биринчи баскычынын жыйынтыктоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

October 30, 2021, 09:44

2021-жылдын 30-октябрында Хаят отелинде ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасынын биринчи этабы аяктагандыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

 

Иш-чара КР экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Роза Исаковна Отунбаеванын жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ольга Брызгалованын катышуусу менен өттү.

 

Иш-чарада ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасын ишке ашыруунун биринчи этабынын жыйынтыктары чыгарылды. Уюштуруучулар долбоордун менторлоруна ыраазычылык билдирди жана белектерди тапшырды.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында Кыргызстанда ийгиликтүү жана кесиптик тажрыйбасы, өзгөчө технологиялар, илим жана чыгармачылык индустрия жагынан тажрыйбасы бар 113 аял тандап алынган. Ар бир менторго Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областынын мектептеринен 7-10-класстардагы кыздардын тобу бекитилген. 5 ай аралыгында 113 ментор 800 шакирт менен иштеди.

 

Менторлор туруктуу жолугушуулардын мезгилинде ментилер менен кесипке багыт берүү ишин жүргүзүп, STEM кесиптердин келечектеги маанилүүлүгүн түшүндүрүп, жеке өзүнүн тажрыйбасы жөнүндө айтып берип, аларга иштиктүү кеңештерди берип, алардын умтулууларын колдоп, шакирттердин натыйжасыз жана стереотиптүү ой-пикирлери жана ынанымдары менен иштеди. Менторлор ментилердин жекече өнүгүүсүнө зор көңүл бурду. Насаатчылар өз окуучуларын сергек жашоо ыңгайын тандоого шыктандырды, ал эми кыздардын жалпы маданий жактан өнүгүшүн арттыруу максатында алар менен бирге музейлерге, көргөзмөлөргө, концерттерге барды.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ натыйжалуу насаатчылыктын билимдерин жана жөндөмдөрүн жакшыртуу үчүн «Менторлор үчүн колдонмону», ошондой эле кыздар үчүн алар ийгиликтүү пайдалана ала турган «Шакирттин күндөлүгүн» иштеп чыкты.

 

Бардыгы болуп 2022-жылга карата «Илимдеги кыздар» долбооруна пилоттук мектептерден жогорку класстардагы 3000 окуучу кыз катышат, 150 насаатчы алар менен иш алып барат.