Резюмелерди тандоого катышууга чакыруу

October 25, 2021, 05:37

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду – бул өлкөнү социалдык, саясий, экономикалык жактан өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга салым кошууга кудуреттүү болгон программаларды жана долбоорду демилгелөө жана ишке ашыруу максатында 2012-жылдын январында түзүлгөн коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюм.

Фонд ошондой эле китеп чыгаруу ишин жигердүү жүргүзөт, ал балдар жана өспүрүмдөр арасында дүйнөлүк жана улуттук адабиятты даңазалагандыгы үчүн кадыр-баркка ээ болду.

Фонд жөнүндө алда канча кең-кесири маалыматты www.roza.kg сайтынан алууга болот.

Китеп чыгаруу боюнча программаларды ишке ашыруунун жана котормочулардын маалымат базасын жаңылоонун алкагында Фонд жогорку квалификациялуу котормочулардын резюмесин чогултууну жарыялайт. Тандоонун алдын ала жол-жобосунан (минималдуу квалификациялык талаптар) өткөн талапкерлер котормо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн маалымат базасына киргизилет.

Төмөнкүдөй тематикалар боюнча көркөм адабиятты чыгаруу үчүн котормочулардын базасы жаңыртылат:

·     Өмүрү өрнөк адамдар (дүйнөлүк мамлекеттик ишмерлер жөнүндө китептер)

Төмөнкүдөй тил багыттары боюнча котормочулардын базасы түзүлүп жатат:

1.  Англис – Кыргыз

2.  Англис – Орус

3.  Орус – Кыргыз

4.  Француз – Кыргыз

5.  Немец – Кыргыз

Минималдуу квалификациялык талаптар

1.  Көркөм адабиятты жазуу жүзүндө тилге которуунун бери болгондо
5 жылдык тажрыйбасы

2.  Бир же бир нече чет тилдерди мыкты билүү

3.  Кыргыз тилин мыкты билүү

4.  Түп нусканын тилинде, ошондой эле которулуп жаткан тилде атайын терминологияны мыкты билүү

5.  Адабиятты терең билүү жана адабий редакциялоо жөндөмдөрүнүн болушу

6.  Мамлекеттик башкаруу жагындагы терең билимдер

7.  Тилдик топтордун өзгөчөлүктөрүн мыкты билүү

8.  Жогорку деңгээлдеги талдоо ой-жүгүртүүсү

9.  Зор көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү жөндөмү

10.                      Которулган китептердин жана макалалардын болушу

Документтерди берүү тартиби

Талапкерлерге арызды төмөнкүдөй электрондук дарек боюнча берүү сунуш кылынат: office@roza.kg «Фонддун котормочуларынын маалымат базасы» деген белги жана каттын текстинде тилдин багытын көрсөтүү менен.

Арыздар 2021-жылдын 5-ноябрына, саат 18.00гө чейин жөнөтүлүүгө тийиш.

 

Кызыкдар адамдар өзүнүн квалификациясын көрсөтүү үчүн төмөнкүлөрдү сунуш кылууга тийиш:

·     Жекече резюмени, анын ичинде ушундай долбоорлордогу мурдагы тажрыйбаны

·     Электрондук түрдө мурда которулган материалдарды (көркөм китептер, макалалар ж.б.)

Макулдашуулар

Ийгиликтүү талапкерлер Фонддун котормочулар базасына киргизилет. База жылына бир жолу жаңыланып турат.

Ишке тартуунун кийинки жол-жобосу кызмат көрсөтүүлөргө зарылчылык келип чыгышына жараша:

·     кеминде беш квалификациялуу котормочуну тандоо үчүн айрым тематикада жана тил багытында котормочулар базасы боюнча издөө;

·     тандалган котормочуларга техникалык тапшырма менен таанышууга жана текшерүү тапшырмасын (китептин үзүндүсүн которуу) 3-5 жумуш күндүн ичинде аткаруу үчүн техникалык жана финансылык сунушту берүүгө суроо-талап;

·     редакциялык комиссия сунуштарды карап чыгуусу;

·     мыкты сапаттагы котормонун негизинде котормочуну тандоо;

·     жекече контрактты тариздөө.

 

Базага киргизүү Фонд менен контракт түзүүгө кепилдик бербей тургандыгына сиздердин