«Илимдеги кыздар» долбоорунун алкагында жаңы менторлор ишин баштады

October 25, 2021, 05:33

2021-жылдын 22-октябрында ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында менторлор шакирттер менен иштеп баштады. 


Топтор боюнча бөлүштүргөндөн кийин менторлор өздөрүнүн шакирттери менен таанышуу маектешүүсүн өткөрүп, жалпы максаттарды биргеликте аныкташты. Окуучу кыздарга «Шакирттин күндөлүгү» таратылды. 


Ишке тартылган бизнес-ассоциациялардан жана STEM кесиптеринен Кыргызстандын ийгиликтүү айымдары «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылары болуп тандалган. Буга чейин «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду насаатчылык жөндөмдөрүн жогорулатуу максатында  менторлор үчүн тренингдерди өткөргөн. Ар бир ментор «Ментор үчүн колдонмону» алган. 


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ бардык менторлорго Фонд чыгарган басылманы «Кыргызстан айымдары техникада жана илимде» китебин белекке берди. 


Ментордук программанын биринчи жана экинчи этабында 113 ментор 5 ай бою өздөрүнүн шакирттери менен иш жүргүздү. Октябрда насаатчылык программасынын 3-этабы башталат. 


«Илимдеги кыздар» долбоорунун ментордук программасына бардыгы болуп Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй областынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун пилоттук мектептеринен 2600 кыз катышты. 5-6 ай аралыгында насаатчы айымдар өздөрүнүн бардык билимдерин, жөндөмдөрүн, өзүнүн кесиптик жана турмуштук тажрыйбасын кыздар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, кыздарга өз максатын аныктоого жана келечектеги кесипти тандоого жардам берет. 


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ көңүл кош калбастан, өзүнө зор жоопкерчиликти алып жана кыздардын ийгиликтүү келечегине салым кошуу ниетин билдирген төмөнкү насаатчыларга ыраазычылык билдирет. 

Дуйшекеева Каухар – БУУнун Ала Тоо Моделинин Башкы катчысы, IR Club’дын Президенти

Баракова Жанна Токтобековна – Санариптик инновация академиясынын директору, т.и.к., доцент.

Исаматова Гульзат – Конфуций институтунун директору

Исакова Фаризат – И.Раззаков атындагы КМТУ. "Консервалоо технологиясы" кафедрасынын лаборатория башчысы.

Нурланова Мээрим – КМТУ, "Консервалоо технологиясы" кафедрасы, инженер

Садралиева Р.А. – И.Раззаков атындагы КМТУ. ПОКС каф.

Кабаева Гульнара – И.Раззаков атындагы КМТУ. ПОКС каф.

Тологонова Адинай Халиловна – «Колдонмо математика жана информатика» кафедрасы