«Байымдуулукту жана постпандемияга байымдуулукту камсыз кылуу үчүн миграцияны пайдалануу. Калыбына келтирүү: мүмкүнчүлүктөр жана көйгөйлөр»

October 18, 2021, 09:43

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Байымдуулукту жана постпандемияга байымдуулукту камсыз кылуу үчүн миграцияны пайдалануу. Калыбына келтирүү: мүмкүнчүлүктөр жана көйгөйлөр»  темасындагы миграция боюнча Эл аралык диалогго катышты.

2021-жылдын 14-15-октябрында Женева шаарында, Швейцария, БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюмунун (МЭУ) Миграция боюнча агенттигинин Катчылыгы уюштурган диалог болуп өттү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун координатору Арстанбек Сагынтай уулу долбоордун иши, максаттары жана натыйжалары жөнүндө айтып берди.

Миграция маселелери бул долбоордун тематикасы менен түздөн-түз байланышкан. Бир жагынан, жай мезгилинде сезондук миграцияда жүргөн малчылар жана экинчи жагынан, мигранттардын жайлоодогу балдар бакчаларыбызга келип жаткан балдары. Балдар бакчаларындагы мигранттардын балдарынын пайызы балдардын жалпы санынын орточо 25%ын түзөт, бирок айрым жерлерде бул цифра 40 %га чейин жетет.


Маалымат үчүн: 2014-жылдан тартып «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагындагы иштин сегиз жылынын ичинде программалар Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунда жашаган 16 300дөн ашык баланы, 6200 ата-энени, 1400 педагогду камтыды. 2021-жылдын жайкы сезонунда өлкө боюнча жайлоодогу 30 өнүктүрүү борбору иштеди.