«Миграциянын аялдар тарабы. Тобокелдиктери жок эмгек миграциясы» IV Эл аралык конференция

October 6, 2021, 08:26

2021-жылдын 1-октябрында Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын колдоосу менен «Мекеним Ала-Тоо» орус-кыргыз өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү борбору» региондук коомдук уюму «Миграциянын аялдар тарабы. Тобокелдиктери жок эмгек миграциясы» деген IV Эл аралык конференцияны өткөрдү.

 

Конференциянын жүрүшүндө миграция процессинин учурунда айымдардын коопсуздугун жана укуктарын камсыз кылууга көмөктөшүүчү саясаттын маселелеринин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышуу болуп өттү. Форумдун модератору – балдардын, айылдагы жаштардын, аялдардын жана улгайган курактагы адамдардын укуктарын коргоого жана алга илгерилетүүгө көмөк көрсөтүп жаткан «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун директору Дербишева Гульнара Толубаевна.

 

Конференциянын алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын долбоорунун координатору Абдыраимакунова Чынара Тургунбековна сөз сүйлөдү, ал Фонддун иши жөнүндө, анын ичинде китеп чыгаруу иши жөнүндө презентация жасады жана айтып берди, чыгарылган китептерди көрсөттү. Мындан тышкары, Чынара Тургунбековна Фонддун уюштуруучусу Р.И. Отунбаеванын атынан эстелик белектерди тапшырды.