Бишкекте инклюзивдүү билим берүүнүн «Inclusive KG-БИРДЕЙ» деген биринчи фестивалы өттү

September 28, 2021, 10:47

18-cентябрда Бишкекте «Адинай» сейил багында инклюзивдүү билим берүүнүн «Inclusive KG-БИРДЕЙ» деген биринчи фестивалы өттү. Фестивалдын максаты, уюштуруучулардын айтымы боюнча, «Кыргызстанда инклюзивдүү билим берүү темасы жөнүндө маалымдар болууну арттыруу жана билим берүү системасында өзгөртүүлөр зарылчылыгына көңүл буруу» болду.

 

«Inclusive KG-БИРДЕЙ» концерттик программасынын алкагында өздөрүнүн чыгармачылык номерлери менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар жана ата-мекендик эстраданын жылдыздары оюн койду; аларга удаалаш эле ар түрдүү воркшоптор жана шахмат ойноо, сүрөт тартуу жана карапа жасоо чеберчилиги боюнча мастер класстар өттү. Ошондой эле ДМЧ балдардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

 

Иш-чарага «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун директору Догдургул Кендирбаева да катышты, ал, өз кезегинде, саламдашуу менен сөз сүйлөдү, анда ал фестивалдын уюштуруучусу Вероник Гарреттке ыраазычылык билдирди жана мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Ошондой эле «Inclusive KG-БИРДЕЙ» иш-чарасына Улуу Британиянын Элчиси Чарльз Гарретт, Кыргызстандагы БУУнун UNICEF Балдар фондунун башчысы Кристин Жольм, Кыргызстандагы БУУ-Айымдардын башчысы Улзийсурен Жамсран, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, «Балдарды коргоо лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгуль Турдубекова жана «Юниор Парк» балдар бакчасынын уюштуруучусу Алла Храмцова катышты.

 

Иш-чараны Улуу Британиянын Элчисинин жубайы Вероник Гарретт «Чек арасы жок коом» демилгелүү тобу, БУУнун UNICEF Балдар фонду, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси, «Элим барсыңбы» кайрымдуулук фонду жана башкалар менен өнөктөштүктө уюштурду.

 


*Инклюзивдүү билим берүү – бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар атайын муктаждыктары болбогон балдар менен бирге окуган процесс.