2021-жылдын 18-сентябрында «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» өттү

September 24, 2021, 08:42

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Active volunteers»  жана «Kyrgys Global» жаштар уюму менен бирдикте Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө жигердүү катышты, ал жерде катышуучулардын жалпы саны 30 адам болгон. Биз «Восток – 5» кичи районунун аймагына чыктык. Акциянын жыйынтыктары боюнча 80 мүшөктөн ашык таштандылар чогултулду.

 

 


Маалымдама: Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өткөрүү идеясы Эстониянын активисттерине таандык. Дал ушул өлкөдө «Жасайбыз!» кыймылы пайда болгон, быйыл ага 10 жыл толуп олтурат. Ушул мезгилдин аралыгында ишембилик эл аралык ишембилик болуп калды жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча 18 миллион адамды тартты. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экологиялык кырдаалга коомчулуктун көңүлүн бурууга арналган. Курчап турган чөйрөнүн булганышынын көйгөйү жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн кыюуда, активисттер жарандарды ишембиликке кошулууга гана эмес, ошондой эле коомдук жерлерде тазалыкты дайыма сактоо жөнүндө, ресурстарды акыл-эстүүлүк менен керектөө жана аларды туура утилдештирүү жөнүндө ойлонууга чакырат.