«Илимдеги кыздар» долбоорунун менторлору үчүн тренинг өттү

September 14, 2021, 10:06

Бүгүн, 2021-жылдын 14-сентябрында, Бишкек шаарында «Илимдеги кыздар» долбоорунун менторлору үчүн тренинг өттү.

 

Иш-чарага ЮНИСЕФтин Программалык менеджери Нора Суюналиева, «Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Роза Кайыкова, «Илимдеги кыздар» долбоорунун эксперти Анипа Усупкожоева катышты.

 

Иш-чаранын катышуучуларына кириш сөз менен «Илимдеги кыздар» долбоорунун координатору Роза Кайыкова кайрылды, ал долбоордун максаттары жөнүндө айтып берди жана кыздарды өнүктүрүүгө салым кошуу ниети үчүн менторлорго ыраазычылык билдирди.

 

ЮНИСЕФтин Программалык менеджери Нора Суюналиева менторлорго долбоордун максаттары жөнүндө жана STEM’деги кыздардын потенциалын эмне үчүн жогорулатуу керектиги жөнүндө айтып берди.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорунун эксперти Анипа Усупкожоева «Ментордун жана шакирттин өз ара аракеттенүүсү» деген темада презентация менен сөз сүйлөдү.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорунун катышуучусу №96 мектептин 11-классынын окуучусу Диана Данканаева өзүнүн насаатчысы Назгуль Джаныбаева менен иштөөсүнүн оң натыйжалары жөнүндө айтып берди.

 

Эске сала кетсек, «Илимдеги кыздар» долбоорунун насаатчылык программасынын биринчи жана экинчи этабында 113 ментор тандап алынды жана окутулду, алар 5 ай аралыгында шакирттер менен жигердүү ишти жүргүздү. Насаатчылар долбоорго катышкан кыздар менен жолугушууларды дайыма өткөрүп турду, шакирттердин натыйжасыз жана стереотиптүү жагдайлары менен иштеди, коомдогу баарлашуу жана жүрүш-туруш маданиятын өнүктүрдү.

 

Ментордук программанын үчүнчү этабында ошондой эле ишке тартылган бизнес-ассоциациялардын жана STEM кесиптердин ичинен Кыргызстандын ийгиликтүү жана прогрессивдүү айымдары тандап алынды.

 

Насаатчылык программасынын максаты: кыздарды SТЕМ-билим берүүгө тартууга жана патриоттук тарбиялоого багытталган билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү.

 

«Илимдеги кыздар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында (2021-2022-жж.) 150 ментор жана Бишкек шаарынын, Чүй областынын Аламүдүн, Сокулук райондорунун, ошондой эле Ош шаарынын, Ош областынын Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринен 2600 кыз тандап алынды. Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй областтарынын мектептеринин 7-10-класстарынын кыздарынын тобу бекитип берилет.