Жайлоодогу балдар бакчаларын немецтик-француздук ARTE телеканалы боюнча көрсөтүшөт

September 1, 2021, 21:59

Телекөрсөтүүнүн журналисти Сибиль Смолка (Sibylle Smolka) жана немецтик-француздук Arte телеканалынын эки оператору Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Ак-Таш жайытында «Ананайка» жайлоодогу өнүктүрүү борборун 14 күндүк видеого тартууну аяктады. Журналисттер Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун иши жөнүндө документалдуу видео-таржымалды тартуу үчүн Германиядан атайын келишкен. Балдар борборго кантип келип, кантип окуп, алар боз үйлөрдө кандай жашап жатканын, малчылардын жашоо-турмушу кандай экенин жана башкаларды башынан тартып аягына тартышты. Документалдык видео ARTE телеканалында көрсөтүлөт.



Маалымат үчүн: ARTE телеканалы Германияда жана Францияда көрсөтүлөт, анын программалары тиешелүү түрдө Arte Deutschland GmbH жана Arte France телекомпаниялары тарабынан түзүлөт. Штаб-квартиралары Страсбургда жана Баден-Баденде жайгашкан. Өз программаларында Arte көркөм өнөргө жана маданиятка, Европа жана Европа Бирлиги менен байланышкан темаларга, маалыматтык берүүлөргө, ошондой эле жогорку сапаттары документалдык материалдарга басым жасайт. Каналдын аудиториясын эк өлкөнүн ар биринде жумасына орточо 10-12 миллион телекөрүүчү түзөт.