БУУнун баш катчысы Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди

August 14, 2021, 23:24

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттереш Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди.

Гуттереш БУУнун баш катчысы болуп экинчи мөөнөткө шайланганда Отунбаеванын куттуктоо катын жибергенине терең ыраазычылык билдирген.

Кыргызстандын экс-президентине жолдонгон катта “БУУнун Жогорку деңгээлдеги кеңешинин мүчөсү катары дүйнөдө бейпилдикти камсыз кылууга, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын сактоого жардам берүүңүздү чыдамсыздык менен күтөм”, - деп айтылат.

Гуттереш Отунбаевага Борбор Азияда тынчтык орнотууга багытталган биринчи регионалдык кеңешме жыйынга кошкон салымы жана Жогорку деңгээлдеги кеңештин мүчөсү катары берген баалуу кеп-кеңеши үчүн ыраазычылык билдирген.

“Адамзаттын жана биздин планетанын жалпы жыргалчылыгы үчүн бардык болгон аракетибизди бириктирүүгө чакырам”, – деп айтылат баш катчынын катында.

Экс-президент Отунбаева 2017-жылдан бери БУУнун тынчтык орнотуу боюнча Жогорку деңгээлдеги кеңешине мүчө. 18 адам кирген кеңеш дүйнөдөгү тынчтык үчүн жана БУУнун бардык деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, дипломатиялык алакаларды арттыруу максатында түзүлгөн.

Роза Отунбаева 1992-жылы Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри болуп дайындалган. Ошол эле жылы эгемен өлкөнүн АКШдагы элчисинин кызматына киришкен. 1997-жылы Кыргызстандын Британиядагы элчиси болуп дайындалган. 2002-жылы БУУнун Грузия, Абхазиядагы атайын өкүлүнүн орун басарлыгына бекитилген. 2004-2005-жылдары грузин-абхаз согушун жөндөө боюнча БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү болуп иштеген. Отунбаева 2010-жылдын Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстандын өткөөл өкмөтүн башкарган. 2011-жылдын 1-декабрында президенттик кызматты Алмазбек Атамбаевге демократиялык жол менен өткөрүп берген.