Жайлоологу өнүктүрүү борборлору музыкалык аспаптарды алууга сертификат алды

August 2, 2021, 00:12

Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы Жалоодогу өнүктүрүү борборлору балдар менен машыгуу үчүн комуздарды, барабандарды жана башка музыкалык аспаптарды алууга сертификаттарды алды.

 

Жайлоодогу балдар бакчаларын колдоого музыкалык аспаптардын бардыгы болуп 20 комплектине Германия Федеративдүү Республикасынын КРдагы Элчилиги демөөчүлүк кылды. Музыкалык аспаптардын бир комплектине төмөнкүлөр кирет: 2 комуз,2 барабан,2 кселофон,2 кастаньед,2 маракас.

 

Музыкалык аспаптарды алууга сертификаттарды КР экс-Президенти Роза Отунбаева 2021-жылдын 22-июлунда Көк-Жайык жайытындагы «Келечек» жана «Арча» Жалоодогу өнүктүрүү борборлоруна жана Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Таш жайытындагы «Ананайка» Жалоодогу өнүктүрүү борборуна таанышуу визитинин жүрүшүндө тапшырды.

 

Роза Отунбаева баланын эмоциялык абалына музыканын түздөн-түз таасирин белгиледи жана жергиликтүү балдарга «ютубда» музыкалык аспаптар жөнүндө таанып-билүү видеолорун көрүүгө кеңеш берди. «Мектепке чейинки куракта балдар музыкалык аспаптарын жана оюнчуктарды колдонуу алардын музыкалык жөндөмүн арттырат жана чыгармачыл потенциалын өнүктүрөт», – деп айтты Роза Исаковна.

 

Иш-чарага Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун жетекчиси Максат Курманалиев, Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Асанкожоев жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

 

Ар бир Жалоодогу өнүктүрүү борборунда тарбиячылар сабактар кантип өткөрүлө тургандыгын көрсөттү. Ысык-Көл областтык билим берүү институту, Түп жана Ак-Суу райондорунун Жалоодогу өнүктүрүү борборлорунун өкүлдөрү ар кандай тематикалар боюнча мастер класстарды өткөрдү.

 

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл областында жайлоодогу 6 балдар бакчасы, республика боюнча бардыгы болуп 30 Жалоодогу өнүктүрүү борбору иштеп жатат.