Финка Банкы Жайлоодогу өнүктүрүүнүн үч борборуна колдоо көрсөттү

July 28, 2021, 08:34

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын демилгеси боюнча бүткүл республика боюнча Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору биринчи жолу ачылып жаткан жок. Быйылкы жылы Ковид-19га байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдан жана уруксат берүүчү документтерди алуудан улам республика боюнча жайлоодогу 30 борбор ачылды. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун түзүүнүн жана ачуунун негизги максаты калкка мектепке чейинки билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат. Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда жайды алыскы тоолуу райондордо өткөрүп жаткан малчылардын балдары атайын иштелип чыккан окутуу программасы боюнча базалык билимдерди алат, ошондой эле ар түрдүү мастер-класстар өткөрүлөт.


Жети жыл аралыгында Финка Банк «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорун жыл сайын колдоп келатат.


2021-жылы Банк Кыргызстандын эки областында жайлоодогу дагы үч балдар бакчасынын ачылышын колдоп, өнүктүрүү борборлору толук иштеши үчүн зарыл канцеляриялык товарларды жана музыкалык аспаптарды берди. Канцеляриялык товарлардын жана музыкалык аспаптардын топтомун Ысык-Көл жана Баткен областтарындагы 3 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору алды.


Балдар жана алардын ата-энелери, жергиликтүү тургундар өнүктүрүү борборлорун уюштургандыгы үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФга жана көрсөткөн колдоосу үчүн Финка Банкка ыраазычылык билдирди.


Өз кезегинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун жыл сайын колдогондугу үчүн Финка Банкка жана банктын кызматкерлерине чын дилден ыраазычылык билдирет.