Баткендин активист аялдары үчүн тренинг өттү

July 14, 2021, 04:57

2021-жылдын 12-июль күнү Ош мамлекеттик университетинде кыргыз-тажик чек арасында болгон коогалаңдан жабыркаган Лейлек районунун Жаңы-Жер, Интернационал, Максат, Арка айылдарынан келген активист аялдар үчүн трениг уюштурулду. Тренинг кризистик кырдаалдарда  кыз балдарга, аялдарга  жана үй-бүлөлөргө психо-социалдык  колдоолорду уюштуруунун жана психологиялык  жетектөөнү көрсөтүү ыкмаларын үйрөтүү максатында өткөрүлдү. Мазмунунда түрдүү кырдаалдарда эмоционалдык абалды башкаруу, чөйрөдөгү адамдарга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү ыкмалары, балдардын курактык психологиялык өзгөчөлүктөрүүнө жараша психологиялык жардам берүү ыкмалары, стресстен чыгуунун жолдору деген темаларды камтыган практикалык тренингди тренерлер ОшМУнун психология кафедрасынын башчысы Жолдошева Акчач, аталган кафедранын практик психологу Садикова Режап өткөрүштү. 


“Баткен облусунун Лейлек районундагы жабыркаган айылдардан келишкен аялдардын атынан тренингдин уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз. Жакындан жардам колун сунуу, стресске кабылгандардын көнүлүн алуу, моралдык-психологиялык жактан жардам көрсөтүү азыр бизге абдан керек болчу. Ош шаарына келип, ОшМУдан өтө пайдалуу сабак алып бара жатам” – дейт тренингдин катышуучусу Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Гулмира Аширматова.


Аталган тренинг «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында БУУ Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланып, БУУнун Кыргызстандагы Аялдар түзүмү, Эл аралык миграция уюму,Эл  аралык Эмгек уюму жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, СДА, АТиК тарабынан ишке ашырылган.