Жаштык айылында чыгармачылык/креативдик өнүгүү борбору ишке кирди

June 5, 2021, 20:12

2021-жылдын  5-июнь күнү  Лейлек районундагы Жаштык айылында   аялдар жана балдар үчүн ресурстук инновациялык  борбордун ачылышы болуп өттү.  Бул борборго “Түбөлүк тынчтык жана өнүгүү болсун!” деген ураан астында  Нью Йорктогу UNION KG NEW YORK уюмунун ,"Р.Отунбаеванын демилгесифондунун кызматкерлеринин айлыктары жана пенсиясына сатып алынган боз үй  агартуу жана өнүктүрүү миссиясын аткаруу үчүн тигилди.


Иш чарага  Кыргыз  Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов, коомдук жана саясий ишмер Чынара Саттарова, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүктүрүу борборлору” долбоору боюнча  Баткен облусундагы координатору  Азада Арзыбаева,  Жаны жер Айыл Өкмөтүнүн башчысы Исманали Раимбердиев,  айылдын эли, жаштары жана мектеп окуучулары катышышты.


Аталган борбордо  балдарды өнүктүрүү боюнча энелердин көндүмдөрүн калыптандыруу, кенже курактагы бөбөктөргө  жана өспүрүмдөргө майда жана ири моторикасын калыптандырууга багытталган маалыматтар жана практикалык иштер, көркөм эстетикалык чыгармачылык керектөөлөрүн өстүрүүгө багытталган мастер класстар, кесиптик багыт берүү, алдыңкы педагогикалык технологиялар, таасирдүү актуалдуу тематикалык лекторийлер жана санариптик технологиялар менен аралыкта жана офлайн өтүп турат. Башкы максаты коомчулуктун балдарды өнүктүрүүгө алтернативдүү аянттарды пайдалануу болуп саналат.


Иш чара учурунда  Г.Мадаминов,  Ч.Саттарова сөз сүйлөп,  ачылып жаткан борбордун айыл элин өнүктүрүүдөгү  чоң маанисине токтолуп,  уюштуруучуларга жана демилгечилерге -“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна жана  АКШдагы жердештерибизге  ыраазычылыктарын билдирип, айылдын элинин жана  №3 эксперименталдык мектеп-гимназиянын атынан даярдалган Ыраазычылык катты жолдошту.


Ошондой эле иш чара маалында А.Арзыбаева  катышуучулар үчүн балдардын майда моторикасын өнүктүрүү боюнча мастер-класс өткөрдү.


Инновациялык борбордун ачылуу аземи  айылдык өнөрпоздор тарабынан даярдалган концерт менен коштолду.