Саанаалаштар сапары улантылат

June 4, 2021, 16:16

19-майда «Хаят” мейманканасында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырып келген “Илимдеги кыздар” долбоорунун “КР билим берүү саясаты жана анын анализи” боюнча аткарылган иштин жыйынтыктары жана сунуштары боюнча тегерек стол болду.

СААНААЛАШТАР САПАРЫ УЛАНТЫЛАТ

Иш-чарада мамлекеттик укуктук ченем актыларындагы STEM’дин орду аныктоо боюнча жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары жарыяланып, билим берүү тармагындагы чечим кабыл алуу органдарына сунуштар берилди.

Тегерек столго КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонддун негиздөөчүсү Роза Отунбаева (онлайн); Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова (онлайн), Кыргызстандагы БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник (онлайн), Жогорку Кеӊештин депутаты Абдувахап Нурбаев жана билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова катышып, сөз сүйлөштү. Бул маанилүү иш-чаранын катышуучуларына кыргыздын Британиядагы таанымал окумуштуу кызы, “Илимдеги кыздар” долбоорунун ыктыярдуу элчиси Асел Сартбаева видео-кайрылуу жасады.

СААНААЛАШТАР САПАРЫ УЛАНТЫЛАТ

2021-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу багытында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин колдоосу менен “Илимдеги кыздар” долбоорун жана жалпы эле билим берүүнү жакшыртууга багытталган иштерди жүзөгө ашырып келүүдө. Аталган долбоордун алкагында ченемдик-укуктук актыларындагы STEM’дин ордун аныктоо боюнча талдоо жүргүзүлдү. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы, БУП, билим берүү жана предметтик стандарттар STEM жана эмгек базарында суралып жаткан кесиптер эске алынып, тийиштүү сунуштар иштелип чыкты. Кыргыз Республикасындагы эмгек базарында, айрыкча так илимдерге тиешелүү адистиктерде аялзатынын канчалык катышып жатканы талдоого алынды.

Айтмакчы, долбоордун дагы бир өнөктөшү — Борбор Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи тарабынан гендердик сезимтал предметтик модулдар иштелип чыкты. Аталган модулдар пилоттук мектептин так илимдердин негиздерин окуткан мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жакшыртуу боюнча натыйжалуу сунуштар иштелип чыкты жана пилоттук мектептин STEM мугалимдери атайын тренингден өтүштү.

СААНААЛАШТАР САПАРЫ УЛАНТЫЛАТ

Тегерек столдун жүрүшүндө төмөнкүдөй бет ачарлар жасалды:

“Илимдеги айымдар жана кыздар”. Нора Сүйүналиева, ЮНИСЕФ.

“Кыргыз Республикасындагы билим берүү саясатынын STEM алкагындагы анализи”. Абакир Мамытов, педагогика илимдеринин доктору, профессор, долбоордун эксперти “Окуу китептеринин гендердик сезимтал педагогикасын жана дискриминацияга каршы гендердик экспертизаны киргизүү”. Жыпара Турмаматова, ЮНИСЕФ.

“Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуудагы мугалимдин ролу”. Жылдыз Нишарапова, илимдин доктору, “Илимдеги кыздар”долбоорунун академиялык координатору, БААУ ИК.

ИЛИМДЕГИ КЫЗДАРГА

Дүйнө өсүп, бийиктөөдө уламдан,

Билим керек чынжыр сымал уланган.

Көрүш үчүн көк асманды чалкыган,

Чыгыш керек коюу кара тумандан.

 

Өзүн чектеп, убайымды жеген бар,

Үмүт үзүп, колдон келбейт деген бар.

Арылууга билимсиздик сазынан,

Ар бир кызда мүмкүнчүлүк кенен бар.

 

Сазда калбай сүзгүң келсе деңизден,

Азыртадан аракеттен, көп изден.

Турмушуңар тепселенбей кыздар эй,

Туруш керек ишенимдүү девизден.

 

Алга кеткин, чокуга чык, тартынба,

Ишенимиң жөлөп турсун артыңда.

Кыз өнүксө кылым, доорлор өнүгөт,

Канатыңды кырка бербей талпын да.

 

Эркин сүйлө түркүн дүйнө тилинде,

Бийиктиктер канат жайсын дилиңде.

Ачылышты сен жасайсың дүйнөгө,

Ташты жарчу техникада, илимде.

 

Бердибек Жамгырчиев, акын, А. Осмонов атындагы сыйлыктын ээси.

МЕЗГИЛДИН СЫНООСУНАН ӨТӨР ЧАГЫБЫЗ

(Роза Отунбаеванын сөзүнөн)

— Казакстан алдыӊкы 30 өлкөнүн сабына чыгабыз деген максатты жар салууда. А бизде мүмкүнчүлүктөр көп болсо да, ырааттуу ишке ашырылып жаткан программалар жок…

Кумтөр чатагы азыр бизди дүйнөлүк сыноого коюп жатат. Эми белди бекем байлайлы. Өлкөбүз өнүгүп-өсүшү үчүн аялзатынын даремети толук ачылышы зарыл. «Эжени көрүп сиӊди өсөт» дегендей, жеткинчек, өспүрүм кыздарыбызга өрнөк болгудай, аларды бийик максаттарга шыктандыргыдай лидерлерди өстүрүп чыгаралы. Мектептерде физик кыздар клубдарын уюштуруп, техникага, технологияга көбүрөөк кызыктыралы. Кыздарыбыз өтө эле тартынчаак болбой, алдыга умтулушу үчүн колдоп туралы. STEM программасы мына ушул мүдөөнү ишке ашырууда.

Төртүнчү индустриалдык революциянын эпкини келип турган кезде, жаштарыбызды, анын ичинен кыздарыбызды бийик мүдөөлөргө шыктандырып, чоӊ өзгөрүүлөргө даяр турушубуз керек.

АР БИР БАЛА ЭРКИН ӨСҮП-ЖЕТИЛСИН

(Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын сөзүнөн)

Ааламдашуу толкунунда биздин балдар өз жериндеги эмес, Кытай, Индия же Германиядагы адистер менен атаандашуусу керек. Анткени маалымат доорунда жумуш орундары кайсы өлкөдө экендиги анча мааниге ээ болбой баратат. Демек, кимдин алган билими мыкты болсо, ошол алдыга озот.

Тилекке каршы, сенек көз караштарга, билим берүү тутумунун жакшы өнүкпөй жатканына байланыштуу биздин кыздардын рухий даремети жетиштүү ачыбай жатат. Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, социалдык жана гуманитардык багыттар боюнча окуп жаткан студенттердин 86га жакын пайызын кыздар түзөт экен – бул биздин кыздардын тандоо мүмкүнчүлүгү канчалык чектелип жатканын көрсөтөт. Эгер бул өксүктү жеӊе алсак, улуттук экономикага өтө чоӊ дем-күч берген  болор элек.

Уул-кыздарыбыздын келечегин кеӊейтүү үчүн зор салым кошуп аткан Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондуна, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө алкыш айтабыз.

Секелек кезимде атам азыр дүйнө өзгөрүп баратат, эми лидерлер кыздардан да көп чыга баштайт дечү. Азыр ошол сөз чын экенине ынанып турабыз: нукура лидерлер саясат менен экономикада эле эмес, биринчи кезекте илимде да суралып турган чак.

КОВИД-19 илдети ар бирибиздин жашоо-тиричилигибизде илимдин мааниси канчалык чоӊ экенин таасын далилдеди. Айлана чөйрөнү таза сактап, туруктуу энергия системасын өнүктүрүү, ал түгүл космосту башкача деӊгээлде изилдөө мүмкүнчүлүгү дал ушул илимге байланышкан эмеспи!

Бул иште мугалимдин орду өзгөчө. Биздин агай, эжейлерибиз айлыгынын аздыгына карабай эбегейсиз ишти аркалап келишет. Балдарыбыздын ар бир ийгилигинде мугалимдин эмгеги бар. Сиздерге таазим этебиз!

Биздин өлкөдө бүгүнкүдөй демилгелер көбүрөөк ишке ашырыла берсе, гендердик сезимтал педагогдордун ишин колдоп турсак, ар бир баланын өсүп-жетилишине жол ачылат да, өлкөбүз гүлдөп өнүгөт!

STEM – СИСТЕМАЛУУ БАГЫТ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин ор3н басары Надира Жусупбекованын сөзүнөн

 Роза Исаковнанын Фонду аркылуу жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен биз сиздер менен заманбап окутуу методикасы жана гендердик-сезимтал педагогика аркылуу илим жана STEM сабактарына кыздар менен аялдардын катышуусун кеңейтүү боюнча орчундуу маселелерди чече алганыбыз кубандырат.

Окуучулардын билим алуудагы жетишүүсүн улуттук баалоо жана Жалпы республикалык тестирлөө жыйынтыктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылы PISA изилдөөсүнө катышуу пландарына ылайык, “Илимдеги кыздар” Долбоорунун эксперттеринин корутундусуна таянып, Кыргызстандын мектептеринде STEM — сабактарын окутуунун сапаттуу өнүгүүсү боюнча биздин иш-аракеттерибиз өтө маанилүү багыт болуп эсептелет.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын декабрь айында 2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Программасынын долбоорун кайрадан карап чыгып, ушул стратегиялык документке мектептеги билим берүүдөгү артыкчылыктуу саясат чаралары катары төмөнкүлөр киргизилди:

—           ар бир окуучунун билимин жана компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо;

—           окуу китептеринин жана окуу-усулдук материалдардын сапатын жогорулатуу;

—           педагогикалык кадрлардын потенциалын жогорулатуу;

—           окутуунун натыйжаларын баалоо үчүн бирдиктүү тутумду түзүү жана мектептик билим берүүнүн сапатына жүргүзүлгөн улуттук жана эл аралык изилдөөлөргө үзгүлтүксүз катышуу;

—           мектепти профилдештирүү, анын ичинде математика, табигый илим, технологиялык билим берүү чөйрөлөрүндө сабактарды (STEM сабактары) киргизүү.

Алдыдагы үч жылга иш-аракеттер планына төмөнкүлөр кирет:

—           класстык деңгээлде окуучулардын математикалык, табигый-илимий сабаттуулугунун (STEM сабактарында) калыптандыруусун жана тексти окуу жана түшүнүү деңгээлин текшерүү үчүн контролдук-өлчөө материалдарын иштеп чыгуу;

—           мугалимдер үчүн колдонмолордун болушу;

—           негизги сабактар ​​боюнча компьютердик онлайн тесттерди иштеп чыгуу (PISA тесттери);

—           табигый-илимий багытындагы сабактарды окутуу методологиясы боюнча иштелип чыккан программаларына ылайык, анын ичинде орто мектептин мугалимдери үчүн STEM сабактары боюнча жана башталгыч класстын мугалимдери үчүн коррекциялык окутуу жана түшүнүү боюнча мугалимдерди окутуу. Бул окутуу методологиясы электрондук форматта да киргизилүүгө тийиш.

Кесиптик багыттоо иштин деңгээлинде, окуучулар жана студенттер менен иштөөнүн жүрүшүндө, биз STEM предметтери базалык болуп саналган адистиктер боюнча аялдарды ийгиликтүү жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат бере турган кесиптик багыттоо иштерин күчөтүүнү маанилүү деп эсептейбиз. Бул аялдардын ийгиликтүү болушуна жана материалдык жактан өзүн-өзү камсыз кыла билишине өбөлгө түзөт.

Даярдаган Жолдош Турдубаев

Кутбилим